Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Жоламанды алтынга жеткирген мээнет


Жоламан Шаршенбеков жеңишине кубанып жаткан учуру.
Жоламан Шаршенбеков жеңишине кубанып жаткан учуру.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алды.

Финалдык беттеште Шаршенбеков дүйнө чемпиону, 29 жаштагы орусиялык Степан Марянян менен күч сынашып, 4:4 эсеби менен жеңишке жетти.

Беттештин алгачкы бөлүгүндө Степан төрт упай алганга жетишсе, экинчи айлампада Жоламан атаандашын килемден түртүп чыгып бир упай, андан кийин Степандын пассивдүүлүгү үчүн дагы бир упай алды.

Партерден (атаандаштын жерде жаткан абалы) Жоламан атаандашын көтөрүп айландырып, эки упай алды жана акыркы болуп ыкма жасаганына байланыштуу жеңишке жетти.

60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Шаршенбеков финалга чейин үч атаандашын жеңди.

Жоламан Шаршенбеков учурда 21 жашта. 2018-жылы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында финалда жеңилип, күмүш байге уткан. Мелдештен кийин "Азаттык" радиосуна берген маегинде каталарды оңдоонун үстүнөн иштерин айткан. Эки жыл өткөндөн кийин убадасына туруп дүйнөлүк мелдештин алтын байгесин утту.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаевдин айтымында, 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынан кийин Жоламан эки жыл тынбай машыккан.

Азат Эркимбаев.
Азат Эркимбаев.

"Жоламан 2018-жылы дүйнө чемпионатына катышып жатканда 19 жашта болчу. Ошондо 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн. Азыр бою өсүп, салмак кошуп, 60 килограммга чейинки салмакта күрөшүп жатат. Ал ошол финалда жеңилгенден кийин эки жыл тынбай жана талыкпай машыгып, бүгүн ушул жеңишке жетти", - деди ал.

Дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнөн балбандар күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмакта килемге чыкты.

Руслан Царев менен Калы Сулайманов коло медаль тагынышты. Балбан Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн болгон беттеште жеңилип, 5-орунду ээледи.

Алтын байге ээси Балинт Корпаси, күмүш байге ээси Малхас Амоян, коло байге ээлери Руслан Царев (оңдон экинчи) жана Сенгиз Арслан. Дүйнө кубогу. Сербия, Белград шаары. 13-декабрь, 2020-жыл.
Алтын байге ээси Балинт Корпаси, күмүш байге ээси Малхас Амоян, коло байге ээлери Руслан Царев (оңдон экинчи) жана Сенгиз Арслан. Дүйнө кубогу. Сербия, Белград шаары. 13-декабрь, 2020-жыл.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы аталган мелдеште 1 алтын, эки коло байге менен 26 мамлекеттин ичинен командалык төртүнчү орунду ээледи.

Башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев мелдештин жыйынтыгы канааттандырганын айтып, буларга токтолду.

"Бул Дүйнө кубогу Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама команда үчүн жакшы өттү. Пандемияга байланыштуу биздин балбандар сегиз айдан бери мелдештерге катыша элек болчу. Ушундай кыйын учурда колубуздан келгенче машыгуу жасап, ушундай ийгиликтерге жеттик. Мелдештин жыйынтыгы мени канаатандырды".

Акжол менен Атабек жеңилди

Ал эми балбан Акжол Махмудов тыныгуудан кийин килемге кайтып алгачкы кармашында Алжир өлкөсүнүн балбаны Абд Элкрим Уакалини жеңип, бирок экинчи айлампада сербиялык Виктор Немеске жеңилип калды. Акжол оор жаракат алып эки жылдан бери мелдештерге катыша элек болчу.

Дүйнө кубогу: 1/8 финал. 77 кг. Акжол Махмудов (Кыргызстан) - Виктор Немес (Сербия).

Ал эми балбандар Кайратбек Түгөлбаев (82 кг) менен 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Токио олимпиада оюндарына жолдомо алган Атабек Азисбеков (87 кг) алгачкы беттештеринде атаандаштарына жеңилип, мелдештен четтешти.

Бээжин олимпиадасынын коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев Акжол менен Атабектин Дүйнө кубогундагы беттеши тууралуу буларга токтолду.

Руслан Түмөнбаев.
Руслан Түмөнбаев.

"Акжол Махмудов чоң жараат алды. Эми гана спортко кайтып жатат. Ошого карабай өтө мыкты күрөштү. Анын күрөшкөнү мага абдан жакты. Болгондо да мыкты балбандар менен күрөштү. Күрөштө булчуңдардын үзүлүп кетиши - бул өтө оор жаракат. Андыктан Акжолго мурунку формасына келүүсүнө дагы бир аз убакыт керек. Эми ал мындан да жакшы машыгып, аракет кылса олимпиадалык мелдештерге катышып, жолдомо ута алат. Ал эми Атабек тууралуу айта кетсем. Азыр Атабектин башкы максаты - Олимпиада оюндары. Азырынча ага көп мелдештерде медаль алуунун кажети жок. Эң башкысы олимпиада оюндарында мыкты жыйынтык көрсөтүшү керек".

Айсулуу дагы алтын алабы?

Балбан Айсулуу Тыныбекова 14-декабрда кыз-келиндер арасында 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде утуп, мелдештин финалына чыкты.

Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Тыныбекова жарым финалга чейин эки атаандашын - алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду жеңди.

Эми Айсулуу финалда Европа чемпиону, латвиялык балбан Анастасия Григорьева менен күч сынашмакчы. Күрөш ышкыбоздору Айсулуунун беделдүү мелдештин алтын байгесин утуусуна бир эле кадам калганын айтып, балбан кызга ишеним артууда.

Финалдык беттештер бүгүн, 15-декабрда Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуудан сырткары Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Нураида Анаркулова да мелдешке катышууда. Алар бүгүн, 15-декабрда беттешке чыгат.

XS
SM
MD
LG