Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

УЕФА Париждеги беттеште болгон окуяны иликтейт


Европанын футбол ассоциациясы – УЕФА Чемпиондор лигасынын Париждеги матчы учурунда болгон жагымсыз окуяны иликтөөгө киришти. Атап айтканда, Стамбулдун «Башакшехир» клубу менен «Пари Сен Жермен» клубунун беттешүүсү шейшембиде расисттик жаңжалдан улам үзгүлтүккө учураган.

Түрк футболчулары судьялардын бирин акаарат келтирди деп айыптап, оюн талаасынан кетип калышканда матч токтотулган.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, румыниялык арбитр Себастьян Колтеску Башакшехирдин машыктыруучусунун жардамчысы, камерундук Пьер Вебого кызыл карточка көргөзүп, «тетиги кара жигит» деп кайрылган.

Натыйжада матч шаршембиде 14-мүнөттөн баштап уланмай болду. Арбитрлер бригадасы алмаштырылмакчы.

УЕФА расизмге футболдо орун жок деп, инциденттин чоо-жайы иликтенерин билдирди. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган уюм бардык чараларды көрөрүнө үмүттөнөрүн айтып, расмий Анкара спорт же башка чөйрө болобу, дискриминацияга каршы экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG