Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Музаффар Исаковго байланыштуу иш кайра биринчи инстанцияга жөнөтүлдү


Музаффар Исаков.
Музаффар Исаков.

Жогорку сот парламенттин мурдагы депутаты, жерге байланыштуу коррупциялык иш боюнча айыпталган Музаффар Исаковдун ишин кайрадан биринчи инстанцияга жөнөттү.

26-ноябрда райондук жана облустук соттордун чечимдери жокко чыгарылганын Жогорку соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Музаффар Исаковго 2017-жылы Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага «2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган.

2019-жылдын майында Исаков жети жылга, аны менен кошо айыпталган эки адам беш жылга камалган. Эки айдан соң жазасы үй камагына алмаштырылган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG