Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:44

БШК бир катар талапкерлердин кол тамгаларын жарактуу деп тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлер чогулткан кол тамгаларды текшерүүнү улантууда.

11-декабрь күнү Боршайком Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Аймен Касенов, Садыр Жапаров, Арстанбек Абдылдаев жана Курсан Асанов чогултуп келген кол тамгаларды жарактуу деп тапканы кабарланды. Бүгүн кол тамгаларды текшерүүнүн акыркы күнү.

Буга чейин БШК эки талапкердин: Кубан Чороев менен Кубаныч Токтосуновдун чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапкан. Кубан Чороев Боршайкомдун чечимин сотко берди.

БШК 3-декабрда президенттикке талапкер болуш үчүн арыз тапшыргандардан шайлоочулардын колу коюлган баракчаларды кабыл алууну токтоткон. БШКга баш-аягы 21 жаран чогултулган кол тамгаларды берген. Анын ичинен 20 кишинин алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын топтоду жана 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төктү. Бирөө жетиштүү өлчөмдө кол тамга чогулта алган эмес.

14-декабрга чейин БШК президенттикке талапкерлерге жарышка түшүүгө укук берүүчү күбөлүк берет.

15-декабрдан 9-январга чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG