Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Кой-Таш окуясына жана коррупцияга байланыштуу сотко Атамбаев катышкан жок


Алмазбек Атамбаев сотто. Бишкек шаары. 27-ноябрь, 2020-жыл.
Алмазбек Атамбаев сотто. Бишкек шаары. 27-ноябрь, 2020-жыл.

9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы жана мурдагы президентке карата коррупциялык айыптоолор боюнча бириктирилген соттук териштирүүнү карады. Жараянга Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Судья мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сот отурумун кийинки аптага жылдыруу тууралуу өтүнүчүн, ден соолугуна байланыштуу бүгүнкү жараянга катыша албай турганын билдирген катын окуп берди.

Ошондой эле жүргөн жери белгисиз болуп жаткан экс-мэр Албек Ибраимов менен экс-депутат Аскарбек Шадиев да сотко келген жок. Буга байланыштуу соттук отурум 16-декабрга жылдырылды.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен чогуу «Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция», «Терек» сурма кениндеги коррупция», «Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу» деген үч эпизоддон турган кылмыш ишине байланыштуу айыпталууда.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов «Батукаевдин иши» боюнча Атамбаевди 11 жыл, эки айга кескен, ошондой эле анын өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыраткан.

Бишкек шаардык соту 17-августта ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Атамбаев алгач УКМКнын тергөө абагында кармалып турган, быйыл ноябрь айында Бишкектеги №47 абакка которулган.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Адвокаттары анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү талап кылышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG