«Кыргызгидромет» борбору 9-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаай турганын, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөй турганын билдирди.
Мекеме ошондой эле эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн экенин, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабай турганын да маалымдады.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5;
Бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 градус болот.
9-декабрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы 0…3° суук болот. (ErN)