Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 7-декабрь телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтты.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан куттуктоодо Мамытов телерадиоберүү кызматкерлери өлкө турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруу милдетин татыктуу аркалап келе жатышканын кошумчалаган.
«Өлкөбүз бүгүнкүдөй оор кырдаалды баштан кечирип турган чакта элди ынтымакка, биримдикке үндөп, ынанымдуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө сиздердин эмгегиңиздер зор», деп айтылат куттуктоодо.
7-декабрда Кыргызстандын телерадиоберүү тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.
Мындан 62 жыл мурда дал ушул күнү кыргыз тилиндеги алгачкы телекөрсөтүү обого чыккан.
Ал эми Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы эле иштей баштаган. 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар cоветинин алдында радиокомитет уюштурулуп, кыргыз телерадиосу түптөлгөн. (BTo)