Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:26

Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер документтерин чакыртып алды, 14 киши шайлоо күрөөсүн берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты. Ноябрь, 2020-жыл.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты. Ноябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-декабрда билдиргендей, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин арасынан пенсионер Базарбай Темишев документтерин чакыртып алуу тууралуу арыз менен кайрылды.

Азыр президенттик шайлоого катыша турганын билдирген 44 киши калды. БШК талапкерлерди 14-декабрга чейин катташы керек. Ага чейин алар 30 миң кишинин кол тамгасын жана шайлоо күрөөсүн төккөнү тууралуу документтерди БШКга тапшырууга тийиш.

Боршайкомдун маалыматына караганда, «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, 3-декабрь - бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн берүүнүн акыркы күнү.

3-декабрга карата БШКнын депозиттик эсебине 14 киши акча которду. Алар:

Аймен Касенов;
Бабыржан Толбаев;
Адахан Мадумаров;
Садыр Жапаров;
Равшан Жээнбеков;
Рашид Тагаев;
Элдар Абакиров;
Жеңишбек Байгуттиев;
Арстанбек Абдылдаев;
Курсан Асанов;
Бактыбек Калмаматов;
Мыктыбек Арстанбек;
Абдил Сегизбаев;
Улукбек Кочкоров.

Башында шайлоого катышуу тууралуу ниетин 60тан ашык киши жарыялаган. Алардын бир тобу арыздарын чакыртып алган. Айрымдарынын документтери толук эмес же туура эмес деген негизде кайтарылып берилген.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөнү жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG