Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:06

Активист Конституциялык палатанын алдына пикетке чыгып, референдумга каршылык билдирүүдө


Өндүрүш Токтонасыров Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына пикетке чыккан учуру. Август, 2020-жыл. Архивдик сүрөт.
Өндүрүш Токтонасыров Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына пикетке чыккан учуру. Август, 2020-жыл. Архивдик сүрөт.

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 2-декабрда Бишкекте Конституциялык палатанын алдына пикетке чыкты.

Ал «Референдум болбосун!» «Референдум керек эмес!» «Өлкөнүн тагдырына балта чаппа!» «Конституция - буйлаланган төө эмес!» деген жазууларды көтөрүп турат.

Токтонасыров «Азаттыкка» Кыргызстанда бийлик мыйзамды бузуп жатканын айтты.

Активист парламенттин алтынчы чакырылышынын Баш мыйзам, президенттик шайлоо тууралуу чечимдери мыйзамсыз деп эсептейт. Конституциялык палатадан бул чечимдерди жокко чыгарууну талап кылууда.

Ушу тапта Конституциялык палата «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова баштаган юристтердин президенттик шайлоого байланыштуу Жогорку Кеңештин чечими мыйзам бузуу менен кабыл алынганы тууралуу кайрылуусун карап жатат.

Сооронкулова баштаган юристтер депутаттардын шайлоо тууралуу мыйзамдын эки беренесин токтотуп, БШКнын 20-декабрда парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча чечимин жокко чыгарышын, 28-октябрдан кийинки шашылыш кабыл алган бардык чечимдеринин мыйзамдуулугун карап берүүнү өтүнүп, Конституциялык палатага кайрылышкан.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Чукул кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес мөөнөттө дайындалышы керек.

Юристтер, саясатчылар бул чечимдер регламентти бузуу менен кабыл алынганын билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG