Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:06

Жогорку сот Атамбаевдин бөгөт чарасы боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы тууралуу маселе анын иши райондук сотто кайра териштириле баштаганда, эгерде жактоочулардан өтүнүч келип түшсө каралат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, азырынча иш райондук сотко жөнөтүлө элек. Мыйзам боюнча буга чечим чыккандан кийин беш күнгө, кээ бир учурларда он күнгө чейин убакыт берилет.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү жөнүндө чечим чыгарган. 2019-жылдын август айында кармалып, алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган Атамбаев быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган. Аны менен кошо дагы бир топ адам жазаланган, бирок алар түрмөгө кесилген эмес.

Атамбаевди колониядан эркиндикке тез арада чыгаруу тууралуу кайрылуу арызы менен анын жактоочулары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылышканы 1-декабрда белгилүү болгон. Адвокат Замир Жоошев Атамбаев колонияга Батукаевдин иши боюнча отургузулган жана 30-ноябрда Жогорку сот мурдагы президентти күнөөлүү деп тапкан өкүмдөрдү жокко чыгаргандыктан, ал эркиндикке дароо бошотулушу керек болчу деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG