Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Ноябрь айынын экинчи жарымында долларлык интервенция дээрлик күн сайын жүргүзүлүп жатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-ноябрда Улуттук банк өлкөнүн улуттук валютасын колдоо максатында кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, сатыкка 16,1 миллион доллар чыгарды. Ушуну менен ноябрь айында 11-жолу, ал эми жыл башынан бери 26-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 430 миллион доллардан ашуун акча коюлду.

Бүгүн, 1-декабрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,79 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

Ноябрь айынын экинчи жарымында интервенция дээрлик күн сайын жүргүзүлүп жатты.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Орус валютасы рубль 1,11 сом болууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG