Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:22

Анаркулов: Сот бийлиги Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соту. (Архивдик сүрөт).
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соту. (Архивдик сүрөт).

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов жарандык активист Адил Турдукулов баштаган «Саясий репрессияларга каршы комитеттин» кайрылуусуна жооп берди. Аталган комитет саясий туткундарга адилет сот чечимин жана алардын ишин ачык соттук отурумдарда кароону талап кылып кайрылган.

Нургазы Анаркуловдун жообунда: «Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөдө мыйзамдуулукту орнотууга жана Конституцияда белгиленген жарандардын укуктары менен эркиндигин, анын ичинде сотто коргоосуна бирдей укукту камсыз кылууга аракеттенүүдө. Муну менен катар Баш мыйзамда жана башка мыйзамдарда Кыргызстандагы сот адилеттигин сот гана ишке ашырат, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча түрдүү кийлигишүүгө тыюу салынган. Сот адилеттиги мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдигинин негизинде жүзөгө ашырылат. Сот бийлиги Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийүү менен жүргүзүлөт», деп жазылган.

Анаркуловдун жообунда судьялар мыйзам бузуп, адилетсиздик кылган учурда Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылуу мүмкүндүгү да эскертилген.

Жарандык активист Адил Турдукулов баштаган «Саясий репрессияларга каршы комитет» саясий негизи бар деп эсептеген иштерге калыс сот чечимин талап кылуу, алардын ишин ачык соттук отурумдарда кароо тууралуу өтүнүч менен 30-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылды.

Кайрылууда Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова, Дастан Сарыгулов, Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков, Тойгонбек Калматов сыяктуу саясатчылардын соттук иштери создуктурулуп, ошол эле учурда Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди актоодо соттор тездик менен иштегени айтылган.

4-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон саясий партиялар жана алардын тарапкерлери митинг уюштуруп, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү көпчүлүк Жогорку Кеңеш, президенттин аппараты жайгашкан имаратты ээлеп алып, камакта отурган саясатчыларды бошоткон.

Кийинчерээк парламент түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаровду премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу кылып бекиткен. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын 15-октябрда өткөрүп берген.

Октябрь окуялары боюнча кийинчерээк кылмыш иштери козголгон.

Ал эми коомдук-саясий чөйрөнүн сынына кабылып жаткан Конституциянын жаңы долбоору менен аны референдумга алып чыгуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 80 депутаттын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG