Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Шыкмаматов: Цензураны Конституция менен тыйыш керек


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик органдан өзү тууралуу мамлекеттик сыр болбогон маалыматтарды алууга укуктуу деп эсептейт. Ал мындай норманы Баш мыйзамдын 27-беренесине киргизип, өзгөртүүнү сунуш кылды. Ага ылайык, ар бир жаран мамлекеттик органдан, жергиликтүү бийликтен жана мамлекеттик мекемеден жашыруун сыр болуп эсептелбеген маалыматтарды алууга укуктуу. Ар бир жаран өзү, жакындары тууралуу туура эмес маалыматтарды, жалган жалааны сот аркылуу жокко чыгарууга, ал маалыматтардын айынан тарткан материалдык жана моралдык чыгашасын өндүрүп алууга укугу бар.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов менен Муратбек Укушев мындан тышкары сөз эркиндигин сактоо жаатында да өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышты.

Шыкмаматовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул өзгөртүүлөрдү кийинки келген парламенттер да алмаштыра албайт.

«Адам укуктарына, сөз эркиндигине байланыштуу бардык мыйзамдар эл аралык нормаларга ылайык болушу абзел. Алтынчы чакырылыштагы депутаттар фейк маалыматтарга каршы деп мыйзам өткөрүүгө аракет кылышкан. Ошондуктан андай демилгелер да көтөрүлүп, сөз эркиндиги муунтулбасы үчүн аны Конституция менен бекемдеп салышыбыз керек», - деди ал.

Жогорку Кеңеш быйыл 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган. Парламенттеги айрым депутаттар жана жарандык коом бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сындап, катуу каршылык көрсөткөн.

Демилгенин автору, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айткан.

Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга вето коюп, Жогорку Кеңешке кайтарган.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG