Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн Дастан Дүйшөкеев жетектөөдө


Дастан Дүйшөкеев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.
Дастан Дүйшөкеев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Дастан Дүйшөкеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатат. Бул тууралуу 30-ноябрда «Азаттыкка» президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, аны дайындоо тууралуу жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 17-ноябрда кол койгон.

Дүйшөкеев быйыл октябрь айындагы окуялардан кийин ошол кезде бийликке келген Садыр Жапаровдун алгач басма сөз катчысы, кийин кеңешчиси болуп иштеген.

Ал президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болуп барганы тууралуу социалдык түйүндөрдө тарап жатканы менен бул дайындоо тууралуу расмий маалымат президенттин сайтына чыга элек.

Тышкы саясат бөлүмүн октябрь окуяларына чейин Данияр Сыдыков жетектеп турган.

33 жаштагы Дүйшөкеев 2010-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана аймак таануу факультетин, 2015-жылы Орусиянын Дипломатиялык академиясын «эл аралык мамилелер» адистиги боюнча аяктаган.

2008-2011-жылдары «АльфаТелеком» ишканасынын кардарларды тейлөө бөлүмүндө адис, 2016-2017-жылдары А.Чехов атындагы мектепте тарых мугалими болуп иштеген.

2017-2018-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы катары бир топ эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен иштешип, Швейцария, Орусия, Кытай, АКШ жана Иран мамлекеттери менен эки тараптуу кызматташтык долбоорлору боюнча иштеген.

2018-2020-жылдары эл аралык «2ГИС» жана «Полипласт-Восток» компанияларында орусиялык бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген. Кыргыз тилинен тышкары орус жана англис тилдеринде сүйлөйт.

Быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодан кийинки нааразылык акциясы башаламандык менен уланып, өлкөдө бийлик алмашкан. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматынан өз каалоосу менен кетерин 15-октябрда жарыялаган. 16-октябрдан баштап президенттин милдетин Садыр Жапаров аткарган, 14-ноябрдан бери парламент төрагасы Талант Мамытов аткарып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG