Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:56

Ошто шаардык кеңештин депутаты китепканаларды жоюп салууну сунуш кылды


Абдисаит Каримбеков.
Абдисаит Каримбеков.

Ош шаардык кеңешинде «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан шайланган депутат Абдисаит Каримбеков шаардык кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда китепканаларды жоюп салууну сунуш кылды. Кийин интервью учурунда алардын форматын өзгөртүш керек экенин айтты.

Каримбеков китепканалар шаардын казынасынан каражатты натыйжасыз пайдаланып жатканын айтып, аларды жоюп салууну сунуш кылды:

«Китепканаларда бүгүнкү күндө окурмандарга толук ылайыктуу шарт болбой жатат. Анын базасын чыңдаш керек, тейлөө тармагын өзгөртүш керек. Ал үчүн акчаны өзүнчө карап, керек болсо ал жерде иштеп жаткан адамдардан бери өзгөртүү зарыл».

Өз кезегинде мэр Таалайбек Сарыбашов шаардык кеңештин депутатынын айтканын четке кагып, шаарда китепканалардын болушу зарыл, шарттарын жакшыртуу керек экенин айтты.

Ош шаарында жалпысынан 12 китепкана бар. (DU)

XS
SM
MD
LG