Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:36

Жаңы Зеландия: Вулкан атылган кездеги шалаакылык үчүн айып пул салынды


Жанар тоо атылып жаткан учур. Жаңы Зеландия. 9-декабрь, 2019-жыл.
Жанар тоо атылып жаткан учур. Жаңы Зеландия. 9-декабрь, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиянын бийлиги Уайт-Айленддеги жанар тоо жарылганда туристтердин коопсуздугун камсыз кылбаганы үчүн айрым ишканаларды жана жетекчилерди айыптоодо.

«Нью-Зиленд геральд» басылмасы маалымдагандай, 22 адамдын өлүмүнө алып келген шалаакылыгы үчүн он ишканага 1,5 млн. зеландия доллары (1,1 млн. АКШ доллары) өлчөмүндөгү айып пул салды. Мындан тышкары үч жетекчи 211,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө айып пул төлөөгө тийиш.

Бул айыптоолор боюнча соттук териштирүү Окленддин аймактык сотунда 15-декабрда каралат.

Жаңы Зеландиянын Уайт-Айленд аралындагы жанар тоо былтыр, 9-декабрда атылган. Атылуу учурунда аралда 47 адам болгон. Анын ичинен 22 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG