Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:52

Иран окумуштуу Фахризаденин өлүмү үчүн АКШ менен Израилди айыптады


Физик илимпоз Мохсен Фахризаденин авоунаасынын кол салуудан кийинки калдыгы. 2020-жылдын 27-ноябры.
Физик илимпоз Мохсен Фахризаденин авоунаасынын кол салуудан кийинки калдыгы. 2020-жылдын 27-ноябры.

Ирандын президенти Хасан Роухани физик окумуштуу Мохсен Фахризаденин Тегерандын жанында буктурмага алынып, өлтүрүлгөнү үчүн Израилди “Кошмо Штаттардын жалданма желдети” катары өзүнүн расмий Интернет барагында 28-ноябрда айыптап жазды.

Ал АКШны “дүйнөлүк текебер” деп, ал эми Израилди “ойрондогуч сионисттик режим” деп каймана атады.

Ирандын өзөктүк программасынын жетекчилеринин бири, физик Мохсен Фахризаде 27-ноябрда Тегерандын жака белиндеги шаарчада өлтүрүлдү. Маалыматка караганда, Фахризаде түшкөн автоунааны белгисиз адамдар аткылашкан. Анын кесепетинен физик оор жаракат алып, ооруканадан үзүлгөн.

Мохсен Фахризаде буга чейин Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусунда иштеген. Кийин Коргоо министрлигинде жогорку кызматты ээлеп, физика иликтөө борборунда жетекчилик кылган.

Ирандын өзөктүк программа агенттигинин башчысы Али-Акбар Салехи 28-ноябрда кайрылуу жасап, маркум Фахризаденин өлүмү өлкөнүн өзөктүк программасына эч залакасын тийгизбесин, анын чапкан нугу ырааттуу улантыла бере турганын айтты.

Батыштын чалгын чөйрөсүндө Фахризадеден Ирандын мурдагы тымызын жүргүзүлгөн өзөктүк курал программасынын “аталарынын бири” катары шек санап келишкен. Анын өлтүрүлүшү келерки жылы январда АКШнын президенти кызматына киришери күтүлүп жаткан Жо Байдендин Иран менен алакаларды жандантуу далалатына кедергисин тийгизери жоромол кылынууда.

Азыркы президент Дональд Трамп Иран менен өзөктүк макулдашуудан 2018-жылы чыгып кеткен. Ал эми Байден бул макулдашууга кайра кошулуу ниетин билдирген.

Учурда расмий Тегеран окумуштуу Фахризаденин өлүмү үчүн кас душмандан өч алына тургандыгын билдирди. (TT)

XS
SM
MD
LG