6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) жетекчи болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев мамлекеттик башкаруу системасында президенттик-парламенттик аралаш башкарууну колдой турганын билдирди. Жапыкеев мындай пикирин 24-ноябрда Жогорку Кеңеште «КООМ press» сайтынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып айтты.
«Парламенттикпи, президенттикпи, адилет болсо айырмасы жок. Бирок бизге аралаш болгону жакшы», - деди Жапыкеев.
Президенттикке талапкерлигин коюш үчүн убактылуу кызматын тапшырган премьер-министр Садыр Жапаров 10-январда өтчү президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылган. Бул тууралуу Жапаров 23-ноябрда «Жетинчи каналдагы» маегинде билдирген.
Жапыкеев 6-октябрда борбордук аянтта өткөн нааразылык акциясынын баштоочуларынын бири болгон. Ал жыйынтыгы жокко чыгарылган 5-октябрдагы парламенттик шайлоого «Чоң Казат» партиясын жетектеп барган. Мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыгып таанымал болгон. (TSh)