Дарыгерлердин шалаакылыгы менен кичинекей кезинде ВИЧ илдетин жуктуруп алган Көпөлөк сыр бөлүшөт.
“Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясын сунуш кылат.
2006-2007-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустарында медицина кызматкерлеринин күнөөсү менен ВИЧ илдети жуккан наристелер бой жетип калышты. Көөдөнгө толгон арманга баш ийбей, тагдырдын сыноосуна сынбаганга аракет кылышууда.