АКШнын мурдагы президенти Барак Обама өзүнүн жаңы китебинде Орусиянын лидери Владимир Путинди кескин сынга алып, аны «кылмыш синдикатын» эске салган өкмөттүн жетекчиси деп атаган.
17-ноябрда жарык көргөн «Кут түшкөн жер» («Promised Land») деген китепте Обама Путинди Америкадагы XIX кылымдын аягында, XX кылымдын башында жетектеген коррупционер мэрлерге окшоштурган.
Обама 20 жылдан бери Орусияны президент жана өкмөт башчы катары жетектеп келаткан Путин «балким сестенте турган, бирок эч убакта үлгү боло албаган» мамлекетти курганын айтат.
Американын мурдагы президенти белинен өйдө жылаңачтанып алып, ат үстүндө сүрөткө түшкөн Путинди «анын аракети «Инстаграмга» сүрөтүн жарыялоого кумар болгон өспүрүмдү» эске саларын белгилеген.
Кошмо Штаттардын башында 2009-2017-жылдары турган Обаманын Путин менен алакасы анча жакшы болгон эмес.
Обама бийликке келерден үч ай мурда Москва 2008-жылдын август айында Грузиядагы жаңжалга кийлигишкен.
Путин менен анын администрациясы Обаманын жаңы китебинде айтылгандарга комментарий бере элек.