Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы жетекчиси (Б.О.) «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп шек менен кармалды. Бул тууралуу 19-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.
Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, ал мамлекетке бир миллион сомдон ашуун зыян келтирген деп айыпталууда.
«Бул мекеменин мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин жана маданият менен искусствонун кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке өзгөчө чоң өлчөмдөгү – бир миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды», - деди.
Мекеме кармалган мурдагы жетекчинин толук аты-жөнүн ачык айткан жок. Айрым маалымат булактары Б.О. деп белгиленген мурдагы жетекчи Болот Осмонов болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Болот Осмонов Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 2015-2919-жылдары жетектеген.
Бүгүн анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат. Осмонов же анын жактоочулары Финполдун айыптоосу боюнча маалымат бере элек. (RK)