Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

Байден: Трамптын жеңилгенин мойнуна албаганы COVID-19 менен күрөшкө жолтоо болуп жатат


АКШнын шайланган жана кете турган президенттери Жо Байден менен Дональд Трамп.
АКШнын шайланган жана кете турган президенттери Жо Байден менен Дональд Трамп.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден кете турган президент Дональд Трамптын администрациясы менен жаңы президенттин командасында координациянын жоктугу пандемиянын курмандыктарын көбөйтүшү мүмкүн экенин билдирди.

Байден демократтардын жана республикачылардын чакырыктарына карабай Трамп шайлоодо жеңилгенин мойнуна албай жатканын «таптакыр жоопкерсиздик» деп атады.

АКШнын инфекциялык оорулар боюнча башкы адиси Энтони Фаучи Би-Би-Сидеги маегинде мурдагы жана жаңы президенттин командасында кызматташтыктын жоктугу коронавирус менен күрөшкө зыян алып келерин ырастады.

Учурда АКШда бул илдетке кабылгандар 11 миллион адамдан ашты. Эпидемиянын курмандыктары 17-ноябрга карата 247 356 адамды түздү. Бул маалыматтарды Жон Хопкинс университети жарыялады. (ErN)

XS
SM
MD
LG