Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

14-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 0…5;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жана кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 3…5 градус болот.

XS
SM
MD
LG