2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 457 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 7,4% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети баштапкы эсептерин чыгаргандан кийин кабарлады.
«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн он айдагы көрсөткүчү 8,3% артка кетип, 402 млрд. сом болду.
Төмөндөө негизинен курулушта (11,5%), дүң жана чекене соодада (16%) байкалды.
ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.
Өкмөт Кыргызстандын ички дүң өнүмү алгач 2020-жылга 5% өсөт деп болжол берген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу көрсөткүчтөр кайра каралгандан кийин, тескерисинче 6,8-7% артка кетет деп расмий эсептелген.
Азия өнүктүрүү банкы жыл соңуна чейин Кыргызстандын экономикасы 10% чейин төмөндөй турганын эскерткен.
Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон жогору болгону такталган. (ErN)