Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жардыруу болду


Жидда шаары.
Жидда шаары.

Сауд Арабиясындагы Жидда шаарында Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 102 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өтүп жатканда жардыруу болду. Иш-чара шаардагы мусулман эместердин мүрзөсүндө өтүп жаткан. Жардыруудан төрт киши жарадар болгону кабарланууда.

Бул иш-чарага Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышып жаткан. Анын ичинде француз консулдугунун кызматкери да болгон.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги муну «коркок, эч качан актоого болбой турган кол салуу» деп атады. Бул окуя боюнча Сауд Арабиясынын мамлекеттик органдары расмий түрдө маалымат бере элек.

Грекиянын элчилиги бул окуядан төрт адам жеңил жарадар болгонун, анын ичинде грек жараны да бар экенин билдирди.

Ал эми Сауд Арабиясында жүргөн француз журналисти «Твиттерге» бир нече сүрөт жүктөп, Грекиянын коопсуздук кызматынын офицери олуттуу жарадар болгонун жазды.

Буга чейин октябрдын аягында Жиддадагы Франциянын консулдугунун кароолчусуна кол салуу болгон.

11-ноябрда Францияда Эскерүү күнү белгиленет. 1918-жылы бул күнү Биринчи дүйнөлүк согушту соңуна чыгарган элдешүү келишимине кол коюлган.

XS
SM
MD
LG