Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:44

Сейит Атамбаев: атамды кемсинткиси келишти


Сейит Атамбаев.
Сейит Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев атасынын абактагы сүрөтүнүн Интернетке жарыяланып кетиши атайын жасалган деп эсептейт. Сейит Атамбаев мындай пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Кечээ атамдын №47 абактагы сүрөтүн жарыялашты. Сүрөттү соттолуучулардын бири таркаткан имиш. Бирок мен буга ишенбейм. Бул мурдагы президентти эл алдында кемсинтүү аракети. Убакыт жана тарых баарын ордуна коёт. Менин атам ар дайым кайраттуулугу менен айырмаланып келген”.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) №47 абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү Интернетке жарыяланып кеткени боюнча түшүндүрмө берген. Маалыматка ылайык, Атамбаевдин сүрөтү 5-ноябрда кечки текшерүү учурунда тартылганы аныкталган. Анда мурдагы президент башка соттолуучулар менен маектешип турганын көрүүгө болот.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 30 жылга кесилген 26 жаштагы соттолуучудан телефон табылган. Анын жанында 17 жылга соттолгон шериги болгон. Алар абак эрежесин бузгандыгы үчүн 15 суткага айып изоляторуна киргизилгени айтылды.

6-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абакта башка соттолуучулар менен турган сүрөтү Интернетке жарыяланып, социалдык тармактын колдонуучуларынын талкуусуна жем таштаган.

Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып келген.

26-октябрда Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Атамбаев №1 тергөө абагындагы шарты жок камерага отургузулганына байланыштуу ачкачылык акциясын жарыялаган. 27-октябрда №47 абакка которулгандан кийин ачкачылык акциясын токтоткон.

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу тарапташтарынын аракети менен түрмөдөн бошотулган. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, түрмөгө кайтарылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG