«Кыргызгидрометеорология» агенттиги кабарлагандай, 8-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 12…17,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 21…26,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26.
Бишкекте 8-ноябрда күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 23…25° градуска чейин жогорулайт.