Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына Жаныбек Бекназаровдун дайындалышы чуу жаратты.
«Санпа шейиттери» коому анын бул кызматтан алынышын талап кылып бийликке кайрылды.
Жаныбек Бекназаров 2010-жылы Жалал-Абаддын Сузак райондук сотунун төрагасы болуп турганда Санпа окуясы үчүн шектүү катары кармалган адамды үй камагына чыгарган жана жабырлануучулардын арызынан улам кызматынан алынган.
Президенттин басма сөз кызматы Бекназаровдун бөлүм башчы болгонун ырастады, бирок ал тууралуу арыз-доомат боюнча түшүндүрмө кийин берилерин кошумчалады.
Садыр Жапаровдун бийлигинин тушунда сот системасына көз сала турган Жаныбек Бекназаров деген ким?
Жалал-Абаддагы «Санпа шейиттери» коомунун өкүлдөрү бийликке жазган арызда мындан 10 жыл мурда Жаныбек Бекназаров Сузак райондук сотунун төрагасы болуп турган кезиндеги өкүмүн эске салышкан. Анда Санпадагы кандуу окуяны уюштурган деген шек менен камалган, оор беренелер боюнча айыпталган Усманжан Аблазовду Бекназаров үй камагына чыгарып жибергенин белгилешкен.
Байыш Асанов Санпа коогалаңында бир тууганын жоготкон. Ал убагында Жаныбек Бекназаровго Соттор кеңеши «кызматтан алынсын» деген корутунду чыгарганы менен сот системасынан кетпегенине нааразы экенин айтып отурат:
«Биз Бекназаров боюнча убагында Соттор кеңешине арызданганбыз. Санпа окуясы боюнча 19 адам өмүр бою эркинен ажыратылган, алардын арасынан жашы 65тен өтүп калган үчүн гана Аблазовго 25 жыл жаза чегерилген. Жаныбек Бекназаров деген жигит Сузакта эле эмес, Жалал-Абадда да «өзүм билем, өзүм ханмын» деп туруп, Аблазовду үй камагына чыгарып, аны качырып жибергенге аракет кылган. Күч түзүмдөрүндөгү жакшы жигиттердин ыкчам иштеринин аркасы менен ал киши кайра камалган».
Байыш Асановдун пикиринде, Жаныбек Бекназаровдун президенттик аппараттын сотторду тескеген бөлүм башчысы болгонго моралдык укугу жок.
«Жаныбек Бекназаровдун президенттик аппараттын бөлүм башчы болушуна биз чыдабайбыз, - деди ал. - Садыр Нуркожоевич, биз сизден суранабыз! Бул эми сот түзүмүнүн баарын башкарат, ким сот болот, ким болбойт - баарын тескейт. Биз муну жакшы түшүнөбүз. Анын бул кызматка барышы - Кыргызстан үчүн чоң катастрофа. Менин үнүм Садыр Нуркожевичке жетпей жатат, жеткизгиле. Ал эмнеге Жаныбек Бекназаровго окшогон адамдарды мындай кызматка алып келди? Кечээ эле ушундай иштерди кылып жүргөн адам Садыр Нуркожоевичти сатып кетпейт деп ким кепилдик бере алат? Биз азыр жакшы коом түзөбүз деп жатабыз. Эмнеге Кыргызстан мындай болушу керек? Кечээ 1,5 миң бала эмнеге жарадар болду? Мен азыр ыйлап жүрөм. Биздин үндү жеткизиңиз! Биз он жылдан бери сыздап, боздоп келебиз!»
Сот тармагын жакшы билгендер Соттор кеңеши Жаныбек Бекназаровго терс корутунду чыгаргандан кийин эле ал бул тармактан биротоло кетиши керек экенин айтышат. Бирок ал Сузак райондук сотунун төрагалыгынан кеткени менен, 2011-жылы жазында Чүйдөгү Ысык-Ата райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Кезектеги кызматтык мөөнөтү аяктаган соң Сотторду тандоо кеңешине документтерин кайра жөнөткөн эмес, адвокаттык иш менен алектенип кеткен.
Жаныбек Бекназаров тууралуу 2011-жылы Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков да маселе көтөргөн. Ал Соттор кеңешинин терс чечимине карабай Бекназаров судьялык ишин улантып жатканын сындап чыккан. Мадылбеков азыркы бийлик айрыкча сот тармагын көзөмөлдөгөн тармакка аты булганбаган адамдарды алып келиши керек экенин белгиледи:
«Мисалы, эл азыр бийликке жакшы, таза адамдар келсе экен деп тилек кылып турат. Анан арты таза эмес адамдын келиши албетте, туура эмес. Менимче аны билбей коюп алышса керек. Балким алар кийин карайбы? Негизи, ал жерге таза адам келиши керек. Мен ал жерге сотто иштеген адамдын келишин каалабайм. Жакшы юрист, саясий интригалардан алыс адам болушу керек. Элдин баары азыр соттордон жабыркап жатпайбы. Соттор кеңеши тандаган адамдарды президентке жөнөтөрдө булар карашат да. Анан арты таза эмес адамдарды алып келе берсе Кыргызстан эмне болот? Президенттик аппараттагы ар бир адам, ар бир бөлүм өтө маанилүү. Бул өтө таасирлүү бөлүм. Ошондуктан анын башчысы адам кынтыксыз таза болушу керек».
Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Жаныбек Бекназаров аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганын «Азаттыкка» бышыктады. Бирок бул дайындоо жөнүндө эмнеге коомго ачык маалымат берилбегени жана Бекназаров тууралуу арыз-доомат боюнча түшүндүрмө кийин берилерин билдирди.
«Азаттыктын» бул тармактагы ишенимдүү булактарынын маалыматы боюнча, Жаныбек Бекназаровду бул кызматка жакында эле президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган Медербек Сатиев алып келген. Сатиев 2013-жылы Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду ал кездеги кесиптеши Курманкул Зулушев менен чогуу актап өкүм чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон.
Сот тармагын жакшы билгендер Сатиев менен Бекназаровдун жакын мамилеси экөө 2010-жылдарга чейин Сузак райондук сотунда чогуу иштеп турганда башталганын айтып жатышат.
Бекназаров Сузакта иштеп турган кезинде чыгарган чечимдерине байланыштуу бир катар нааразылык акциялары өткөнү да белгилүү.
«Азаттык» бул макала жазылып жаткан кезде Жаныбек Бекназаровду издеп таба алган жок. Ал эми Медербек Сатиевге телефон да чалып, «WhatsApp» номерине жаздык, бирок такыр эле жооп берген жок. Биз алардын да жүйөлөрүн укканга даярбыз.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка караганда, Жаныбек Бекназаров 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышкан Акматбек Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
Ал эми Келдибеков менен Сатиевдин тууганчылык жайы бар экени кабарланган.
Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган Жаныбек Бекназаров Чүй облусунан болот.
«Азаттык» Садыр Жапаровдун кадр саясаты тууралуу дооматтардан улам анын айрым тарапташтарына кайрылды. Алардын бири Мелис Аспеков президенттик аппараттагы маанилүү бөлүмдү Жаныбек Бекназаров жетектеп жатканы тууралуу кабары жок экенин айтты. «Азаттыктын» «Кадр маселелерин ким чечип жатат, Садыр Жапаров өзү чечип жатабы?» деген суроосуна Жапаровдун айланасындагы айрым адамдардын аты-жөнүн атады:
«Нариманды (Түлеев) ызылдатып атып кетирдим. Акылбек Жапаров да кеңешчи болуп алыптыр, балдар менен ызылдап атып аны да кетирдик. Арзыбек Бурханов деген да кеңешчи болуп алыптыр, аны да кетирдик. Буюрса, ушул жумада Бакыт Сыдыковду да алып түшөбүз. Бакыт Аманбаев, Ташиев дегендер өздөрүнчө эле бийликтеги «түштүк клан» болуп жатат», - деди Аспеков.
«Азаттык» Мелис Аспеков ал тууралуу айткан дооматтар боюнча өкмөттүн аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаевдин пикирин сурады.
«Өкмөттүн түзүмү бар. Ошол эле мезгилде, президенттик администрациянын өзүнчө түзүмү бар. Сиз айтып жаткан адам президенттик аппараттын түзүмүндөгү кызматка дайындалып жатат. Ошондуктан бул жерде өкмөттүн аппарат башчысынын такыр тиешеси жок. Мен бул маалыматты сизден угуп жатам. Аспековдун айтканы - бул курулай доомат», - деди Аманбаев.
Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектеген адамды бул чөйрөдө адатта «соттордун куратору» деп тергешет. Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин тушунда бул кызматты жетектеген Манас Арабаев тууралуу бир топ уу-дуу кеп болгон жана ал парламентке чейин жеткен.
Ушул тушта Садыр Жапаров жана аны менен кошо бийликке келгендердин кадр саясатына көп сын айтыла баштады. Маселен, ал 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуп жатканда «Өзгөн районунан келдим» деген аял башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өкүл баласы районго аким болгонуна нааразы болду.
«Сен өзүңдүн оозуң менен айтып жатасың, «коррупциясы жок акимдерди, башкаларды жумушка алып жатабыз» деп. Бирок мен Өзгөн районунан келдим, Өзгөн менен Советтин (Кара-Кулжа району ред.) акими тааныштар аркылуу эле алмаштырылды. Өзгөн районунда Зулушевдин өкүл баласы аким болду. Ушуга көз кырыңды салып койсоң», - деди суроо бергендердин бири.
21-октябрда Өзгөн районунун акими болуп дайындалган Руслан Мейматкулов жергиликтүү басылмалардын бирине "Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен тууганчылык дагы жайым жок" деп айтты.
Садыр Жапаров учурда өлкө боюнча алмашып жаткан кадрлар убактылуу экенин айтып, конституциялык реформалардан кийин кадрлар кылдат каралып тандаларын айтты.
Буга чейин Жалал-Абад облусунун жетекчилигине келген Абсаттар Сыргабаев өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экенин ырастаган.