Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:28

Элеттик аялдарга карата басмырлоочу стереотиптерди жоюу боюнча тренингдер өтүп жатат


Элеттеги кол өнөрчүлөр.
Элеттеги кол өнөрчүлөр.

27-октябрдан тартып Чүй облусунда «Элеттик аялдар» долбоорунун алкагында элеттик аялдарга карата басмырлоочу стереотиптерди жоюуга көмөктөшүү боюнча тренингдердин сериясы башталды. Тренингдерди Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы долбоорлоп, ишке ашырууда.

Иш-чаралардын максаты - элеттик аялдарга өз укуктарын жүзөгө ашырыш үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, аларга карата басмырлоочу стереотиптерди жоюуга көмөктөшүү жана чечим кабыл алуучу адамдар менен жарандык коом уюмдарынын дараметин күчөтүү болуп саналат. Ага Чүй жана Ош облустарында жашаган аялдар, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Долбоорго жалпысынан 600 адам, анын ичинде чечим кабыл алуучу 200 адам жана айыл жергесинде жашаган 400 аял камтылганы жатат.

«Элеттик аялдар» долбоорунун менежери Дамира Бустанова белгилегендей, Кыргызстандагы аялдардын дээрлик 65% айыл жергесинде жашайт. Айылда жашаган аялдарга гендердик сезимталдыктын жетишсиздиги жана социалдык багыттын жоктугу мүнөздүү. Өткөрүлүп жаткан иш-чаралар укуктук сабаттуулуктун жана өз укуктарын билүүнүн деңгээлин жогорулатууга көмөкчү болот.

Иш-чаралар БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргызстанда укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтиш үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосунда өткөрүлүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG