Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:49

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары төрагалыкка көрсөтүлгөн Талант Мамытовдун талапкерлигин колдошту. Талант Мамытов – президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, Талант Мамытов анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат.

Эртең менен Канатбек Исаев парламенттин төрагасы кызматын тапшырган. Муну саясатчы өзү жетектеген "Кыргызстан" саясий партиясы президенттикке талапкерликке сунуштап жатканы, бул сунушту кабыл алганы менен негиздеди.

11:10 4.11.2020

Канатбек Исаев: - Шайлоого катышуу үчүн спикерликти тапшырдым. Башка себеби жок.

11:15 4.11.2020

Депутат Өмүрбек Текебаев: - Төрага кете элек, ал болгону арызын жазды. Бизди “чимкириктерден” да жаман деп айтканга себеп болбойлучу. Шашпаш керек, фракциялардын сунуштарын угуп чыгалы. Биз Түркмөнстанга айланып баратабыз десем таарынасыңар. Биз азыр космостук ылдамдык менен Түркмөнстанга айланып баратабыз.

Ушундан кийин Төрөбай Зулпукаров фракциялар маселени талкуулап алышы үчүн 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялоону сунуш кылды. Натыйжада тыныгуу жарыяланып, фрациялар төраганын кызматына талапкерлерди талкуулап жатышат.

11:31 4.11.2020

Депутат Дастан Жумабеков: - Бул жерде Мамытов бирөөгө жакын же алыс деп айтууга болбойт. “Республика – Ата Журт” фракциясы Талант Мамытовду көрсөтүүдө. Башка фракциялардан талапкер чыкканын көрө жокмун. Мамытовдун төрага болгонго укугу бар.

11:33 4.11.2020

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) мүчөсүн шайлоо маселеси да коюлду. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламенти боюнча комитети кечээ Боршайкомдун мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырып, жалпы жыйындын кароосуна жөнөттү.

2010-2011-жылдары Боршайкомдун төрагасы, 2002-2008-жылдары мүчөсү болгон Сариев талапкерлиги коюлуп жатканын «Азаттыкка» тастыктап, аны «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы көрсөткөнүн айтып берген.

Буга чейин парламент БШКнын оппозициялык квотадан мүчөсү Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын өзү жазган арызына ылайык токтоткон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG