Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:46

Бишкек мэриясы: Жер үчүн ижара акысын төлөбөй жүргөндөрдүн карызы 380 миллион сомго жетти


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкекте муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акысын төлөбөй жүргөндөрдүн шаардык бюджетке карызы 380 миллион сомго жетти. Бул тууралуу шаар башкармалыгы кабарлады.

3-ноябрда мэрия ижара боюнча карызы бар ишкерлерге кайрылып, мыйзамдарды сактоого жана келишимдин шарттарын аткарууга чакырды. Айрымдары менен түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу токтотууга мажбур болорун эскертти.

Мэриянын маалыматына караганда, ижара акысын төлөбөй же шаарга таандык жерди башка максатта пайдаланып жаткан 223 ишкер бар.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу жазында баш калаада ишкерликтин көпчүлүк түрлөрүнө чектөө киргизилген. Майда жана орто бизнестин өкүлдөрү чыгашага учураганын, андыктан салык жана башка төлөмдөрдү төлөөдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG