Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

АКШ: ири шаарларда коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда


АКШда добуш берүүгө бара жаткан жарандар.
АКШда добуш берүүгө бара жаткан жарандар.

АКШдагы айрым штаттардын губернаторлору Улуттук гвардияга жана өлкөдөгү соода тармактарынын кожоюндарына президенттик шайлоодон кийинки ыктымал башаламандыкка даяр туруу зарыл экенин эскертишти.

Вашингтондун борборунда бир нече ишкана жана мамлекеттик мекемелер имараттарынын терезе-эшиктерин бекемдеп жапты.

Нью-Йоркто болсо көптөгөн дүкөндөр, ресторандар жана мейманканалар да коопсуздугуна чара көрүштү. Дал ушундай эле көрүнүш Дэнвер, Миннеаполис жана Лос-Анжелес шаарларында да бар. АКШда чоң соода түйүндөрү быйылкы коронавирус пандемиясы жана жайындагы протесттерден улам ири зыянга учураган.

Афроамерикалык Жорж Флойдду полиция кызматкерлери кармоо учурунда өлтүрүп алган соң Кошмо Штаттарда бир нече айга созулган демонстрациялар болгон.

3-ноябрда өтүп жаткан президенттик шайлоонун жыйынтыгына карабай өлкө боюнча митинг жана демонстрациялар өтөөрү күтүлүп жатат.

Массачусетс, Иллинойс, Орегон штаттарынын губернаторлору Улуттук гвардиянын аскерлерин башаламандыкка даяр болууга чакырышты.

АКШда бул жолу президенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө адаттагыдан көпкө созулчудай болуп турат. Буга пандемиядан улам көптөгөн жарандардын почта аркылуу добуш бергени себеп болушу мүмкүн.

Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп өзү күткөндөй жыйынтык болбосо сотко кайрыларын эскерткен. Бул өз кезегинде шайлоонун расмий жыйынтыгын кечигип жарыялоого жол ачышы мүмкүн.

Бул жолу америкалыктар Кошмо Штаттардын кийинки президентин шайлашат.

Республикалык партиядан талапкер катары соңку төрт жылда Кошмо Штаттарды башкарган Дональд Трамп чыкса, Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.

Жарандар штаттын калкынын санына жараша бөлүнгөн шайлоочулар коллегиясы аркылуу добуш беришет. Талапкер жеңишке жетиш үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270не ээ болушу керек.

XS
SM
MD
LG