Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

Садыр Жапаров: бардык соккуну өзүмө алып Жээнбековго макам берүүгө кол койдум


Садыр Жапаров жана Сооронбай Жээнбеков. 2020-жыл, 16-октябрь.
Садыр Жапаров жана Сооронбай Жээнбеков. 2020-жыл, 16-октябрь.

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушууда Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы боюнча пикирин билдирди. Жапаров Жээнбековго экс-президент макамын ыйгарууга каршы чыккандар болгонун билдирди.

«Экс-президент макамын берүүгө каршы болгондор болду. Бирок мен бардык соккууну өзүмө алып, экс-президент деген наам берип, буйрукка кол койдум. Анткени, бизде 30 жылдан бери экс-президентибиз жок. Экөөнү кубалап ийгенбиз, бирөөнүн макамын алып түрмөгө тыкканбыз. Сооронбай Шариповичти да кубалап, түрмөгө тыксак мындан кийин да терс көрүнүштөр улана бербейби деп ойлоп, ырым кылып ушундай кылдым», - деди Жапаров.

Баш мыйзамдын 69-беренесине ылайык, өз каалоосу менен кеткен мамлекет башчыга экс-президент макамы автоматтык түрдө ыйгарылат.

Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 27-июнунда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Учурда камакта отурган Атамбаев 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болгон.

Быйылкы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан соң президенттиктен кеткен Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамы ыйгарылды. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин президент статусунда Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаевнын экс-президент макамы бар.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдан президенттиктен кетерин жарыялап, 16-октябрда кызматын толук өткөрүп берген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG