Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:50

Көлбаевдин бөгөт чарасын кароону сот 3-ноябрга жылдырды


Камчы Көлбаев.
Камчы Көлбаев.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) 2-ноябрга белгиленген бөгөт чарасын кароо боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум болбой калды. Шаардык соттун басма сөз кызматы анын себеби тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Сот отуруму 3-ноябрга белгиленди. Буга чейин Көлбаевдин жактоочусу бөгөт чарасы боюнча шаардык сотко кайрылган.

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары бөгөт чарасын кароого сот имаратына Көлбаев жеткирилбегенин жазып чыгышты.

22-октябрда «Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармалган. Атайын кызмат кримтөбөлдүн кармалышын баштан-аяк видеого тартып, коомчулукка жарыялаган болчу. Учурда Көлбаев «Кылмыштуу топ түзүү» беренеси менен шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат.

Камчыбек Көлбаев 46 жашта. Ал 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. (TSh)

XS
SM
MD
LG