Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Орус дарыгерлеринин айласы кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аймактарындагы дарыгерлер ооруканаларда бейтаптарга орун, дарыгерлер жетишпей жатканын айтып, Москвадан жардам күтүп жатышат. 

Орусияда соңку күнү коронавирустан 346 киши кайтыш болду. Бир күндө илдетти жугузгандар 16 миңден ашып жатат. Оору Москва, Санкт-Петербург шаарларында баарынан көп жайылууда.

Москвада түнкү клубдар менен барларда эс алуучуларды телефондору аркылуу каттоого алып, коронавирус жугузгандары болсо, башка бардык эс алуучуларга кабарлоо системасы ишке кирди. Москва облусунда музейлер менен көргөзмөлөр жабылып, жыйындар тыйылды.

Роспотребнадзор 27-октябрдан тартып Орусиянын бардык аймактарында адамдарды беткап кийүүгө милденттендирип, бул талаптын аткарылышын полиция катуу көзөмөлгө алды. Массалык иш-чараларга тыюу салынып, тамактануучу жайлардын түнкү ишине чектөө киргизилди.

Кийинки апталарда коронавирус облустарда тез таркап, ооруканаларда бейтаптар үчүн орундардын жоктугу, дарыгерлердин жетишсиздиги тууралуу кабарланып жатат.

Шейшембиде Омскиде «Тез жардам» машинелери ооруканаларда орун табылбаган коронавирус бейтаптарын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы бөлүмүнө алып келип ташташкан. Муну менен дарыгерлер ооруканалардагы абалга жергиликтүү бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылышкан.

Автоунаалардын биринде өпкөсү 81% жабыркаган 70 жаштагы байбиче, дагы биринде өпкөсү 88% жабыркаган 85 жаштагы эркек киши болгон. «Тез жардам» машинелери шаарды он сааттай кыдырып, бир да ооруканага бул бейтаптарды жаткыра албай коюшкан.

Бул окуядан кийин Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги Омскидеги ооруканаларда абалды текшерип жатканын кабарлады. Ал эми Омск облусунун губернатору Александр Бурков министрликтин аймактагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарын кызматтан кетирди.

Омск облусунда коронавирус менен ооругандар 15 миңден ашып, 402 киши илдеттен көз жумду.

Дүйшөмбүдө Уралдагы Курган облусунун ооруканаларында иштеген дарыгерлер президент Владимир Путинге ачык кат жазышкан.

«Биз бул жактагы абалды билиш үчүн чоңдордун сөзүн укпай, аймакка атайын комиссия жиберип, калкка кандай медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын, бул тозокту өз көзүңөр менен көрүп кеткиле деп суранабыз», деп айтылат дарыгерлердин кайрылуусунда.

Катта улам бир ири мекемеде коронавирус чыгып, ооруканаларда орун менен дарыгерлер жетишпей, «Тез жардам» кызматы акыркы дем менен иштеп жатканы айтылат. Дарыгерлер аймакка аскердик догдурларды жиберүүнү өтүнүшкөн.

Буга чейин Интернетке Кемерово облусундагы бир өлүкканада тартылган видео таркаган. Анда кара баштыкка оролгон маркумдардын сөөктөрү топтолуп калганы көрсөтүлгөн. Мындай видео Алтайдагы Барнаулдан да таркаган.

Жергиликтүү бийлик маркумдардын сөөктөрүн жакындары алып кетпей жатканын, ал аз келгенсип патологоанатом адистери жетишсиз экенин билдирген.

Ал эми Кемероводогу «Ачык шаар» социалдык долбоорунун башчысы Максим Учватов коронавирустун кескин жайылып кетишинин башка себептери болгонун айтат.

«Коронавирус боюнча абал оор. Карантин чараларын калтырып, сактанып отуруш керек болгондо биздин аймактагы бийлик Москванын оозун карап, айтканын кылды. Парад, элдик добуш берүү өттү. Жыйынтыгында мына, оору күч алды. Адамдар биринин артынан бири кулап жатат, аларга ооруканада орун жок. Сыркоолоп калган адамдар ооруканага келип, узун кезектерде турушат. Бизде биринчи коронавирус борборун төрөт үйүндө ачышты. Бул акылга сыйбаган нерсе», - деген Учатов «Настоящее время» телеканалындагы маегинде.

Пандемия башталгандан бери жалпысынан Орусияда вирусту 1,5 миллиондон көп адам жугузуп алып, көз жумгандар 27 миңге чамалады.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавирус 43 миллиондон ашык адамга жукту. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму быйыл март айында COVID-19ду пандемия деп жарыялагандан бери 1,1 миллион бейтап жан берди. Уюм дүйнө лидерлерин токтоосуз чара көрүүгө чакырууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG