Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Үй-бүлөнү пландоо - дени сак балдар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Көбүнчө жаш жубайлар балалуу болууну пландашпайт. Жаңы үй-бүлө ата-энеликке алдын ала камынып, атайын адистерге, медициналык жайларга кайрылган учурлар өтө сейрек кездешет.

Кош бойлуулук – ымыркайды күтүп жаткандагы бактылуу убакыт эле эмес, абдан чоң жоопкерчилик. Анткени, болочок ата-эненин жашоо образы, алардын ден соолугуна кам көрүшү жарык дүйнөгө келчү балага эбегейсиз таасир этет эмеспи. Боюнда бар кезде аялдарда физиологиялык жактан эле эмес, эмоционалдык да абдан олуттуу өзгөрүүлөр болот.

Көбүнчө жаш жубайлар балалуу болууну пландашпайт. Жаңы үй-бүлө ата-энеликке алдын ала камынып, атайын адистерге, медициналык жайларга кайрылган учурлар өтө сейрек кездешет. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, көп учурда кош бойлуулук пландалбаса деле, болочок ата-эне үчүн баары бир бул кабар күтүлгөн жаңылык бойдон кала бермекчи.

Медициналык кароодон болочок эне гана өтүшү зарыл, атанын катышы жок деген жаңылыш пикирлер бар. Атанын саламаттыгы да болочок балага түздөн-түз таасир этери шексиз.

Маанилүү сандар
Маанилүү сандар
Балалуу болуунун алдында болочок ата-энелер төмөндөгүдөй суроолорго жооп бериши керек:

Биз азыр, дал ушул маалда балалуу болууну чындап каалап жатабызбы? Баланын төрөлүшүнө эч ким басым жасаган жокпу? Турмуштагы көйгөйлөрдү бул баланы төрөп эле чече коёлу деп жаткан жокпузбу? Биздин балдарыбызга өзүбүз татыктуу ата-эне боло алабызбы? Ымыркайды чоңойтуу, бала бакчага алып баруу, мектепке окутуу, толук тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылууга даярбызбы?

Алар өзүлөрү кандайдыр бир кыйынчылык жаралса андан чыгуунун жолун алдын ала билгени дурус. Жашоосун кантип курушарын, туугандарынын же жакындарынын ичинен бала төрөлгөндөн кийин кимге таянып, кимден жардам ала аларын да билиши зарыл.

Ушундан улам ата-эне болууга бойго бүтө электен мурда эле даярдануу маанилүү. Окумуштуулар болочок энедеги бир топ кыйынчылыктарды ага туура даярдануу менен алдын алса болорун далилдешкен.

Кош бойлуу болууга даярдануу бир нече баскычтан турат

Пландалган кош бойлуулуктун алдында жубайлар үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, алардын организми балалуу болууга канчалык даяр экенин аныктап, кош бойлуу учурда келип чыкчу кыйынчылыктардын алдын алыш үчүн керектүү, талап кылынган бардык анализдерди тапшырышы зарыл. Дени сак жубайлар, кандайдыр бир оорулардын жоктугу, туура тамактануу, зыяндуу адаттардан баш тартуу, жеке тазалыкты сактоо жана сергек жашоо образы аялдын ден соолугуна жагымдуу шарт түзүп, кош бойлуу кездеги бир топ опурталдуу учурлардын алдын алат.

Ушундай жооптуу учурдагы эң маанилүү нерсе – тамактануу рационуна фолий кычкылын кошуу. Бул зат организмде жетишпесе баланын жүлүнүн жана мээсин калыптандырган нерв түтүктөрүндө кемтиктер болушу мүмкүн. Догдурлардын айтымында, аял пландалган кош бойлуулуктан бир ай мурда фолий кычкылын бир күндө 800 микрограмм өлчөмдө ичип турса, баладагы нерв түтүктөрүнүн кемтигин 92% алдын алса болорун эскертишет.

Мындан тышкары болочок энелерге Д витамини өтө маанилүү. Аны ичүү (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) суткасына 1000-2000 мг сунуш кылат) итийдин алдын алып, иммунитетти бекемдейт. Кош бойлуулукту пландагандар ар бир клеткага кычкылтек ташый турган кандагы гемоглобин затын көбөйтчү темирди жетиштүү ичиши керек. Кош бойлууларда темирге болгон муктаждык бир нече эсе көбөйөт. Айрыкча, аялдардын көбүнүн боюна бүткөн маалда организминде темир өтө дефицит болгону көп учурайт. Бүгүнкү күндө анемияга эч ким таң калбаса да, темирдин жетишсиздиги бойдон түшүүгө себеп болорун билген жакшы. Буга кошумча түйүлдүктүн өнүгүшүн басаңдатып, ара төрөлүү, төрөт маалында кан кетүү сыяктуу олуттуу көйгөйлөрдү жаратат.

Ошондой эле болочок энелер кош бойлуулуктун ортосундагы аралык мөөнөттү жакшылап ойлонушу керек. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) азыркы сунуштары боюнча аралык 18-24 айдан кем эмес болгону дурус. 12 айдан эрте кайра боюна бүтүү аялдын жаш курагына карабай өтө коркунучтуу кесепеттерге алып барат. Организм мурдагы кош бойлуулуктан толук калыбына келе электе эле кайра боюна бүтсө, колундагы чырылдаган жаш баласы менен аялдын ден соолугуна жетиштүү кам көрүү мүмкүн эмес. Андыктан, төрөт ортосундагы аралыкты жубайларга кош бойлуу кезде эле ойлонуп, пландап алууну сунуш кылабыз.

Ымыркайлуу болгусу келгендерге бир нече сунуш:

  1. Медициналык кызматкерге (гинекологго) каттоого туруп, кош бойлуулуктун эрте мөөнөтүндө тийиштүү текшерүүдөн өтүү (12 аптага чейин).
  2. Кош бойлуулук убагында бир аял медициналык адиске тогуздан кем эмес жолу барышы керек. Бул бир айда бир жолу дегенге барабар.
  3. Кош бойлуу аял үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу. Аны жашаган жеринен аялга үй-бүлөлүк дарыгер бекер берет. Боюнда бар аялга кош бойлуулук учурунда жана төрөттөн кийин адистерге акысыз көрүнүү, ошондой эле дары-дармек сатып алууда 50 пайыздан жогору арзандатуу мүмкүнчүлүгүн берет (фолий кычкылы, темир дарылары).
  4. Күнүгө темир витаминдерин үзбөй 30-60 мг, фолий кычкылын 400 (0,4 мкг) микрограмм ичүү менен кош бойлуу аял салмагы аз баланы төрөө жана төрөттөн кийинки сепсистин алдын алат.
  5. Кош бойлуу аялдын тамактанышы толук, ар түрдүү болушу зарыл.
  6. Кош бойлуулук учурунда денеге катуу күч келбеши керек.

Кош бойлуулуктун тогуз айында аялдын организминде ар түрдүү белгилер болот. Ушундан улам кайсынысы туура же адаттан тыш экенин билип алган оң. Белгилердин кээ бири кайсы бир паталогияны билдирсе, айрымдары кадыресе бойкаттыкты түшүндүрөт. Айрым аялдар кичине эле табарсыгы ооруса дүрбөлөң түшүп, дарыгерге чуркап барышат. Кээ бир аялдар кош бойлуу кезинде коркунучтуу кыйынчылык алып келчү опурталдуу белгилерге маани бербей жүрө беришет. Опурталдуу белгилер аялдын да, наристенин да ден соолугу үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн.

Боюнда бар аял, анын түгөйү жана үй-бүлө мүчөлөрү көңүл бура турган кош бойлуу учурдагы кооптуу белгилер бул сүрөттө көрсөтүлдү.
Сүрөттөгү белгилердин бирөө эле билинсе дароо дарыгерге же төрөт үйүнө кайрылуу керек.

Төрөттөн кийин аялдын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч жараткан төмөндөгүдөй кооптуу белгилер болушу мүмкүн:

  • Кан агуу (20 мүнөттүн ичинде эки гигиеналык баштыктан көп акса)
  • Дене табынын көтөрүлүшү (38 градустан жогору)
  • Катуу баш оору, көздө майда чыбырчыктар көрүнүп берсе бул артериялык кан басымдын жогорулап кетишинен кабар берет.
  • Чыйрыгуу, титирөө
  • Жатындан жыты жаман суюктук чыкса

Жогоруда саналган белгилердин бирөө эле байкалса аял токтоосуз жакынкы төрөт үйүнө же дарыгерине кайрылышы керек.

Боюнда бар аял коопсуз, кубаныч менен баланы күтүүсү медициналык адиске убагында, маалы менен кайрылып, дарыгер айткан кеп-кеңештерди туура аткарып турушуна байланыштуу.

Автор: Бактыгүл Бозгөрпөева, тукум улоочу саламаттык боюнча эксперт

Бул макала «Үй-бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун көмөгү менен уюштурулган «2018-2022-жылдарга карата жыныстык жана тукум улоочу саламаттык» долбоорунун негизинде жарыяланды.

XS
SM
MD
LG