Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:12

Милиция Ошто 29 жаштагы кош бойлуу келин күйөөсүнүн токмогунан каза болгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жубайынын өлүмү үчүн шек саналган эркекти кармады. Ал Бишкекке качып кеткен жеринен колго түшкөнүн шаардык милициянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Баштапкы маалыматка ылайык, ал 29 жаштагы келинчегин көгала кылып сабаган. Жети айлык боюнда бар келин эки күн үйдө жатып, 22-октябрда үзүлгөн.

Маркумдун апасы да кылмышка шектүү жарандан катуу токмок жегенин айткан. Ал ооруканада жатат.

Кармалган эркек кызганычтан улам аялын сабаганын айткан. Алар жарандык никеде жашашкан.

Факт боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Адам укуктарын коргогон адистер Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн айтып келатышат.

2020-жылдын январында Нарындын Кочкор районунда 37 жаштагы келин, Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Февралда Чүйдүн Сокулук районунда 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген. Мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. Апрелде Бишкекте зомбулукка кабылган келин төртүнчү кабаттан боюн таштаган. Июнда Сузакта аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөктү асып, колун артка байлап сабаган эркектин видеосу Интернетке тараган. Сентябрда Ала-Букада күйөөсүнүн келтегинен кутулуу максатында 33 жаштагы келин жанын кыйганы кабарланган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Андан жабыркаган аялдардын саны - 5 659, эркектердики - 486 киши.

2020-жылдын март айында коронавирустан улам карантин жарыяланган кезде бир айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 62% көбөйгөнү расмий кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG