Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

Баткен: Чек арадагы абал ыйгарым укуктуу өкүлдүн көзөмөлүндө


Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылы. Аймакта чек ара тактала элек болгондуктан, түрдүү чыр-чатактар катталып турат. Май, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылы. Аймакта чек ара тактала элек болгондуктан, түрдүү чыр-чатактар катталып турат. Май, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта жазылгандай, 25-октябрда облустун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагында болгон окуяга байланыштуу эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөштү.

Кыргызстан тараптан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн аппаратынын укук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, Баткен районунун акиминин орун басары А. Набиев, Тажик Республикасынын Исфара районунун акиминин орун басары жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан сүйлөшүүлөр жүрдү.

Чек арадагы абал облус башчысынын жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө, азыр кырдаал тынч.

Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы Үч-Дөбөдөгү болгон окуя тууралуу Тажикстандын Исфара районунун басма сөз кызматы тараткан маалымат чындыкка дал келбей турганын эскерткен.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 25-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында тактала элек аймакта тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларга такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой турганын айтышкан. Бирок тажик жарандары аларды укпай, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Айрым маалымат каражаттары «чек арачылар куралын тынч элге көздөп атты» деп жазып чыгышкан.

Тажикстандын расмий бийлиги маалымат бере элек.

Азыркы учурда курулуш иштери токтотулду.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым. Мунун ичинен 504 чакырымы гана делимитация жана демаркация болгон. Калган такталбаган аймактар чек аранын эки тарабындагы элдин түрдүү чатактарына себеп болуп келет. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG