Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Облустук китепканаларга 14 миңден ашуун китеп өткөрүлүп берилди


Улуттук китепкана жөнөткөн сүрөт.
Улуттук китепкана жөнөткөн сүрөт.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана аймактардагы китепканаларга жалпы баасы жети миллион сомдук 14 350 даана китепти бекер таратып берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Облустук китепканаларга жөнөтүлгөн бул китептерди Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, жеке авторлор жана бир катар мекеме-уюмдар тартуулашкан.

Китептердин тематикасы ар кандай, арасында соңку жылдары негизинен кыргыз тилинде жарык көргөн илимий, таанип бүлүү, көркөм адабият жана окуу колдонмолору бар.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин аймактардагы китепканалардын көбү жабылып, имараттары жеке колго өтүп кеткен.

Китепкана иши кийин гана жандана баштады. Буга жарандык активисттер да жардам берүүдө. Мисалы, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында 152 китепкананын фонду жаңыланды. (RK)

XS
SM
MD
LG