Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.

Депутаттар алдыдагы шайлоону талкуулашууда

Парламенттин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезектеги жыйынга чогулушту.

11:39 21.10.2020

Кечээ айрым депутаттар бул жыйында башкы прокурор кызматына талапкерлер карала турганын айтышкан. Бирок айрым депутаттар жыйында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да караларын билдиришкен.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт деген чечим кабыл алды. Бул чечимди комиссия мүчөлөрү колдоп, токтом кабыл алынды. Анын алкагында бүгүндөн баштап шайлоо процесси башталды.

Бирок 4-октябрдагы шайлоодо чырга себеп болгон босого чек, күрөөнүн суммасы жана №2 форма боюнча маселе толук чечиле элек. Бүгүн жыйынга чогулган депутаттар дал ушул маселелерди карайт деп күтүлүүдө.

20-октябрда Бишкекте жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү өткөргөн жыйында «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов азырынча босого чек боюнча эл өкүлдөрү бир пикирде эмес экенин билдирди:

«Парламентте «жок дегенде беш пайыз» деген талкуу бар. Биз үч деп турабыз, азырынча. Үч деген мыйзамды биринчи окууда комитеттен араң өткөрдүк. Эртең пленардык жыйын болот. Андан өткөрүп, анан экинчи, үчүнчү окуудан тез арада өткөрүп берсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) күтүп жатат».

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев парламентти шайлоо мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдоп берүүгө чакырды. Текебаев экс-президент Сооронбай Жээнбековду «бийликти шайлоодо мыйзамсыз ээлеп алууга аракет кылды» деп айыптап, андан кийинки окуялар баарына сабак болушу керек экенин айтты:

«Октябрдагы парламенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков кол алдындагы бир нече партиясы менен бийликти мыйзамсыз жана башка жолдор менен ээлеп алууга аракет кылды. Ошондой көрүнүш кайталанбашы үчүн эркин шайлоону камсыз кылышыбыз керек».

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис келип чыккан. Тополоңдон кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөнгө чейин азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет.

11:41 21.10.2020

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз берди. Депутаттар анын арызын карап чыккандан кийин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аны кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол коёт.

11:44 21.10.2020

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев күн тартибине коюлган маселелерди атады. Алар: Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетиши, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындоо жана эки жаңы депутаттын ант берүүсү.

11:48 21.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG