Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:27
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.

Депутаттар алдыдагы шайлоону талкуулашууда

Парламенттин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезектеги жыйынга чогулушту.

11:49 21.10.2020

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү сунуш кылды.

11:52 21.10.2020

Депутат Каныбек Иманалиев: - Шайлоодо №2 форма менен акчаны БШК тараткан жок да, БШК болгону бюллетенди эсептеген кассир. Биздин миссиябыз - президенттик мөөнөттү аныктоо. Башка ыйгарым укуктарыбыз жок. Жакындагыдай трагедиялар кайталанбашы үчүн Алтынбек Сулаймановдун сунушуун карап чыгышыбыз керек. Бизде азыр шайлоочулардын алдында моралдык лимит да, убакыт да түгөндү.

11:59 21.10.2020

Депутат Алтынбек Сулайманов: - Бизде азыр мурдагыдай толук иштегенге мүмкүнчүлүк жок. Архив, сайт, сервер талкаланды, фракциялардын чогулуусуна мүмкүнчүлүк жок. Бүгүн БШК шайлоо мөөнөтүн жарыялады. БШК мыйзам бузду деп айта албайбыз, ал өз ишин жасап атат. Ушул жердеги депутаттар №2 форма, шайлоо босогосун 7% деп кабыл алганбыз. Азыр коомчулук ушул жерде отургандардын эч кимисин көргүсү келген жок. Бул жерде ар нерсени жасаштын кереги жок. Келгиле, ошол катабызды оңдоп, шайлоодо эркин атаандаштыкты камсыздап, жаңы күчтөргө, партияларга мүмкүнчүлүк берели. 3% аз десеңер, чогулуп алып 20% кыла бергиле. Эмнеге ичибиз тарып атат? Качанкыга чейин монополия кыла беребиз? Төртүнчү революцияны каалап турасыңарбы? Өзүбүзгө келели.

12:04 21.10.2020

Депутат Каныбек Иманалиев: - 300 миң колду эки айда чогултуп өткөрүү мүмкүн эмес. Бизде эки айлык гана мөөнөт бар. 4-5-6-октябрда аянтка чыккандар референдум өткөргүлө деп талап койгон эмес. Кыргызстан өз тарыхында 8 референдум өткөргөн. Анын жетөө президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн өткөрүлгөн. Бир да референдумда адам укуктарын, бизнес укуктарын кеңейтүү маселеси каралган эмес. Референдум карапайым элдин маселесин чечкен эмес. Президенттин ыйгарым укуктарын кенейтебиз деп жүрүп ушуга жеттик.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG