Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду ээлеген кызматынан бошотууга макулдугун берди. Бул маселе парламенттин 21-октябрдагы жалпы жыйынына коюлуп, бир добуштан кабыл алынды.
Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 21-октябрда карап жактырып, парламенттин кароосуна жиберген.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев ал кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз бергенин билдирген.
Башкы прокурор Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алган жыйынына катышкан. Ал 5-октябрдан бери ишке чыга электиги тууралуу маалымат тараган.
Ушул эле күнү депутат Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызмат өзүнө сунушталганын журналисттерге билдирган.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев учурда Кыргызстандын алдында эки гана тандоо бар экенин айтып, Конституцияда көрсөтүлгөн шарттардан чыкпоого чакырды. Текебаев эгер өлкө президенттик башкарууга кайтса, Жогорку Кеңештин депутаттары Түркмөнстандын парламентарийлеринде "жүгүнүп туруп кол чаап каларын" эскертти.
Жогорку Кеңештин эки жаңы депутаты ант беришти.