Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:17
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.

Депутаттар алдыдагы шайлоону талкуулашууда

Парламенттин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезектеги жыйынга чогулушту.

12:28 21.10.2020

12:25 21.10.2020

Депутат Абдывахаб Нурбаев: - Шайлоо таза болбогону үчүн кечээги окуялар болду. 6-октябрда аянтка чыккан эл таза шайлоо өткөрүүнү гана талап кылган. Сулайманов сунуш кылып жаткан маселелер - элдин талабы. 3% болсо, тополоңдор көчөдө эмес, бул жакта болот. Дүйнө карап турат. Түшүнүк менен эмес, мыйзам менен жашайлы.

12:22 21.10.2020

Депутат Жанарбек Акаев: - Саясий элитанын трагедиясы ушул - бийликке жеткен адам Конституция, мыйзамдар мага иштеши керек деп ойлойт. Канча президент келди? Баары Конституцияны өзгөртүп, өзүнө гана ылайыкташтыруудан кутула албады. Садыр Жапаровдун жанында жүргөндөр ага "адашпа" деп айтышы керек. Грузияда шайлоо босогосу жогору болуп митингдер токтогон эмес. Босогону түшүргөндөн кийин гана эли тынчыган. 120 депутат керек экенин кечээ түшүндүк. 50 депутат болсо бир лидер келип, аларды башкарып алышы мүмкүн. Депутаттардын санына эмес, сапатына көңүл буруш керек. Референдумдун өзөгү эмне? Эмнени өзгөртөбүз? Баш мыйзамды өзгөртүү оңой эмес. Чогулуп, талкуулайлы.

12:12 21.10.2020

Депутат Дастан Бекешев: - Кайдагы референдум? Ушул жерде майда маселелерди чече албай жатабыз, референдум өткөрсөк мушташып кетебиз да. Биздин алдыбызда эки миссия турат - президенттик шайлоо күнүн аныктоо, шайлоо босогосун төмөндөтүү, №2 формасын жоюу. Ушул маселелерди чечели. Конституциянын нормасын токтотсок - бул узурпация болот. Мыйзам жолу менен барышыбыз керек. Бир киши референдум өткөрүш керек десе, ошону ээрчий берелиби?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG