Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:35
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.

Депутаттар алдыдагы шайлоону талкуулашууда

Парламенттин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезектеги жыйынга чогулушту.

12:07 21.10.2020

Депутат Наталья Никитенко: - 6-октябрда эл аянтка эмне үчүн чыккан? Элдин оозун жабуу аракети ушуга жеткирди. Бийликке болгон ишеним лимити түгөндү. Биз ишенимден кетип жатабыз. Референдум өтө олуттуу процесс. Ишенимди жоготкон парламент чукул арада референдум өткөрбөшү керек. Парламент өз миссиясын аткарышы керек. Референдумга коом даярданышы керек.

12:04 21.10.2020

Депутат Каныбек Иманалиев: - 300 миң колду эки айда чогултуп өткөрүү мүмкүн эмес. Бизде эки айлык гана мөөнөт бар. 4-5-6-октябрда аянтка чыккандар референдум өткөргүлө деп талап койгон эмес. Кыргызстан өз тарыхында 8 референдум өткөргөн. Анын жетөө президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн өткөрүлгөн. Бир да референдумда адам укуктарын, бизнес укуктарын кеңейтүү маселеси каралган эмес. Референдум карапайым элдин маселесин чечкен эмес. Президенттин ыйгарым укуктарын кенейтебиз деп жүрүп ушуга жеттик.

11:59 21.10.2020

Депутат Алтынбек Сулайманов: - Бизде азыр мурдагыдай толук иштегенге мүмкүнчүлүк жок. Архив, сайт, сервер талкаланды, фракциялардын чогулуусуна мүмкүнчүлүк жок. Бүгүн БШК шайлоо мөөнөтүн жарыялады. БШК мыйзам бузду деп айта албайбыз, ал өз ишин жасап атат. Ушул жердеги депутаттар №2 форма, шайлоо босогосун 7% деп кабыл алганбыз. Азыр коомчулук ушул жерде отургандардын эч кимисин көргүсү келген жок. Бул жерде ар нерсени жасаштын кереги жок. Келгиле, ошол катабызды оңдоп, шайлоодо эркин атаандаштыкты камсыздап, жаңы күчтөргө, партияларга мүмкүнчүлүк берели. 3% аз десеңер, чогулуп алып 20% кыла бергиле. Эмнеге ичибиз тарып атат? Качанкыга чейин монополия кыла беребиз? Төртүнчү революцияны каалап турасыңарбы? Өзүбүзгө келели.

11:52 21.10.2020

Депутат Каныбек Иманалиев: - Шайлоодо №2 форма менен акчаны БШК тараткан жок да, БШК болгону бюллетенди эсептеген кассир. Биздин миссиябыз - президенттик мөөнөттү аныктоо. Башка ыйгарым укуктарыбыз жок. Жакындагыдай трагедиялар кайталанбашы үчүн Алтынбек Сулаймановдун сунушуун карап чыгышыбыз керек. Бизде азыр шайлоочулардын алдында моралдык лимит да, убакыт да түгөндү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG