Жаңгак түшүмү болбогонуна карабастан, токойчулар ижара акысын келишимге ылайык жыйноону талап кылууда.
Жыл сайын ушул мезгилде тоо койнунда жашаган элеттиктер жаңгак терип, кышка камданышчу. Эми болсо жалгыз үмүт мал-жандык менен чет өлкөдө мигрант болуп иштеп жаткан уул-кыздарында.
Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагынын Бел-Терек айылынын тургуну Майрам Нуркулова жыл сайын ушул мезгилде токой аралап кыздары менен жаңгак терчү.
«Арстанбап-Ата» токой чарбасынан ижарага алган 200 түптөй жаңгагынан 500 килодон бир тоннага чейин түшүм алчу. Быйыл болсо жаңгактардын бүчүрүн үшүк алып, такыр мөмө ала алган жок.
«Быйыл жаңгак болбой калды. Жергиликтүүлөр үчүн чоң киреше болчу да, малды деле көп кармаганга уруксат жок. Анын үстүнө биздин айыл айланасы бүт эле жаңгак токой, жайыт жер жок. Ошол үчүн биз жаңгак мезгилин күтүп жашайбыз. Көпчүлүк жаштар мигрант болуп Орусияга кетишти».
«Арстанбап-Ата» токой чарбасында эле Нуркулова сыяктуу жаңгак токойду ижарага алгандардын саны 1400дөн ашат. Алар түшүм болсо да, болбосо да келишимге ылайык токойдун ижарасы үчүн акы төлөшү керек. Бул тууралуу «Арстанбап-Ата» токой чарбасынын башкы токойчусу Сталбек Аринов билдирди.
«Ижарачылар №92 токтомдун негизинде үч топко бөлүнүп, ар бир ижарачы гектарына 2 миң сомго чейин төлөп бериши керек. 2020-жылы отуз гектарга көчөт эккенбиз. Быйыл болсо түшүм болбой калгандыктан базардан сатып алса да эгиш керек. Элдин баары эле жаңгактын болбой калганын айтып ижарасын төлөп берүүдөн баш тартышат. Бирок төлөнүшү керек экендигин түшүндүрүп жатабыз».
Жаңгак токойлордун эң ириси - Базар-Коргон районундагы «Арстанбап-Ата» токой чарбасы. Бул токой чарбасында алма, алча, долоно жана 3200 гектар жеринде жаңгак бар.
Быйыл жаңгак түшүмүнүн начарлыгы ижарачылардын эле эмес, алып сатарлардын да, маңыз чыгаргандардын да күнүмдүк кирешесине таасирин тийгизди. Токой чарбаларда болсо 4 тоннадай жаңгак уругу жыйналбай калды. Жаңгакты жыйнагандан кийин аны сатуу үчүн Аксы менен «Арстанбап-Ата» токой чарбасындагылар Базар-Коргонго, ал эми Сузактын тоо зонасы Жалал-Абад шаарындагы Достук аймагындагы жаңгак базарга алып келип сатышат.
Акыркы 10 жылдан бери бул базарларга жаңгак кирбей калган алгачкы учур болду. 20 жылдан бери базарда иштеген Нурлан Кожоев быйыл жаңгак сатып келген кардардын өзү жок экенин айтты.
«Жыл сайын бул маалда базарда аларман да, сатарман да жык-жыйма болуп, соода кызуу жүрчү. Азыр эми бирин-серин кардар келет. Ушул тапта жаңгактын баасы маңызына карап 40 сомдон 100 сомго чейин бааланууда».
1997-жылы 15-апрелде чыккан өкмөттүн №226 токтому менен токойлор ижарачыларга берилген болчу. Учурда облуста 30 миң гектар жаңгак токою 8 миңден ашуун адамга бөлүнүп берилген. Алар келишимге ылайык, жыл сайын план төгүп турушат. Быйылкы түшүмдүн болбой калганы токой чарбаларын да чоң зыянга учуратты.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Эрмеков карапайым элдин көйгөйүн чечүү жолдору изделип жатканын билдирди.
«Акыркы жылдары 3-4 жылда жаңгак мөмөсүн түйбөй калууда. Тоо тараптагы токойлордо таптакыр эле болбой калды. Ылдыйкы зоонада үйдүн алдына тигилгендер мөмө алган. Биз азыр жетекчиликке кайрылып, элдин бизге төгүүчү жаңгак пландары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз».
Облуста 14 токой чарба, 38 миң гектардан ашык жаңгак токой бар. Анын 5 миң гектары өзгөчө коргоолучу аймак болсо, 800 гектары жаш мөмө албаган көчөттөр.