Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Жээнбеков Жапаровду жана өкмөттү дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду


Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров. 2020-жылдын 13-октябры.
Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров. 2020-жылдын 13-октябры.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысын жана мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык президенттин сайтына жарыяланды.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылган. Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болорун билдирген.

— Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;

— Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;

— Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматына;

— Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматына;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;

— Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;

— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;

— Ажикеев Бообек Эргешович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;

— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;

— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;

— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалышты.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Буга чейин парламенттин бир катар депутаттары эки жолу чукул жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду бекиткенин жарыялаган. Бирок ошол чечимдердин мыйзамдуулугу суроо жараткандыктан бүгүн маселе Жогорку Кеңеште кайрадан каралган. (RK)

XS
SM
MD
LG