Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Өкмөт: Садыр Жапаров бажы кызматына, Маданият министрлигине жаңы жетекчилерди дайындады


Садыр Жапаров. 10-октябрь, 2020-жыл. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы.
Садыр Жапаров. 10-октябрь, 2020-жыл. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 14-октябрда Садыр Жапаров Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы кылып Элнура Мамбетжунушеваны дайындаганын кабарлады.

Маалыматта мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынганы жазылган.

Садыр Жапаровдун дагы бир буйругу менен Алтынбек Торутаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кызматынан бошотулганы кабарланган.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө «Жапаровдун дагы бир буйругу менен Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды» деп белгиленди.

Маалыматка караганда, ушундай эле негиз менен «Садыр Жапаров Дастан Дүйшекеевди премьер-министрдин басма сөз катчысы кылып дайындоо тууралуу буйрукка кол койду».

Бул маалыматтар өкмөттүн расмий gov.kg сайтына жарыяланган.

Буга чейин аталган сайт жана өкмөттүн басма сөз кызматы Садыр Жапаров өкмөттүн аппаратынын башчысынын милдетин аткаруучусун, ички иштер министринин милдетин аткаруучусун, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтардын жетекчилерин, өкмөттүн Нарын жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо тууралуу буйрук чыгарганын кабарлаган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка жапырт тополоң учурунда түрмөдөн тарапкерлеринин күчү менен бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок бул отурумда кворум чогулбай калганы маалымдалган.

Парламенттин бир катар мүчөлөрү 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип бергени кабарланган, бирок анда кворум болбой калгандыгын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Феликс Кулов сыяктуу саясатчылар, юристтер айтып чыгышкан. Жапаровдун өзү жана анан тарапташтары кворум болгонун жана мыйзамдуу шайланганын билдирип келишет.

Жогорку Кеңештин ал күнкү токтому катары сунушталган документти президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда артка кайтарган.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган.

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү маселесин карай турганы кабарланды.

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып «люстрация - критерийлерди иштеп чыгууну талап кылган оор маселе» деп айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG