Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган Улан Ниязбековдун айланасындагы талкуу күчөдү. Ал Садыр Жапаровдун өкмөтү менен кызматка келген.
Айрымдар Ниязбековдун компетентсиздигине даттанса, кээлери аны мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланыштырууда.
Жаңы министрдин баяны
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттар тобу 10-октябрда Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлары менен, ал ошол эле күнү дароо ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып Улан Ниязбековду дайындоо тууралуу буйрук чыгарды.
11-октябрда Садыр Жапаров жаңы жетекчини Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башкы башкармалыгынын, кызматтарынын башчылары жана жамааты менен тааныштырды.
Ал Ниязбековдун ишине ийгилик каалап, жеке кесиптик сапаттарына, билимине, тажрыйбасына жана кызматына жоопкерчилик менен мамиле кыларына ишенерин билдирди.
«Ички иштер органдарынын иши калктын милицияга болгон ишенимин чыңдоого багытталууга тийиш. Өздүк курамдын биргелешкен ишинин аркасында гана алдыга коюлган максаттарга, анын ичинде өлкөдө кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө болот. Ар бир жаран оор учурда ар кандай кылмыштын бетин ачууга жөндөмдүү, чынчыл жана кесипкөй милиция кызматкерлери жардамга келээрине ишениши керек», - деди премьер-министр Садыр Жапаров.
Тааныштыруу аземинде Улан Ниязбеков өзүнө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык айтып, алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.
ИИМдин маалыматы боюнча Ниязбеков Улан Омоканович 1975-жылы туулган. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Кесиби - юрист.
Күч структураларында 1998-жылдан бери иштеп келет. Алгач Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун Финансы полициясынын ыкчам кызматкери, андан кийин Чүй жана Талас дубандарында Финансы полициясынын бөлүм башчысы болгон. 2008-жылдан тартып Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктарында эмгектенген.
2010-жылы министрдин жардамчысы, 2011-жылдан баштап ИИМдин Каржы-чарба башкы башкармылыгынын башчысы болгон. Министрлик кызматка дайындалганга чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Милициянын кызматтан кийинки (отставкадагы) полковниги Шамшыбек Мамыров Ниязбековду мындайча баалады:
«Мен ошол эле министрликте Илим-изилдөө борборунун жетекчиси болуп иштеген жылдары ал Каржы-чарба башкармалыгынын башчысы болуп турду. Ошондон улам аны жакшы билем, иштерман, ак көңүл, ачык, чынчыл жигит. Аны мактап же, кошоматчылык кылайын деген оюм жок, өзүмдүн баамды гана айтып жатам. Мен билгенден көп ызы-чууга аралашкан эмес. Ал министрликти тартып кете алат деп ойлойм. Болгону жаштардан болобу, же аксакалдардан болобу, жакшы кеңешчилерди топтоп алса министрликтин ишин жакшы жакка илгерилете алат деп ишенем. Өз жайына койсо, киришпесе, саясатка аралаштырбаса реформаларды да жасай алат деп үмүттөнөм».
Деген менен ачык маалыматтарда, Улан Ниязбековдун ысымы бир нече чуулуу иштер менен да байланышканы көрүнөт. Анын ичинде маселен жергиликтүү ишкер Алексей Гаврилов менен 2012-жылы болгон талаш.
Тагыраагы Гаврилов анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) жана Башкы прокуратурага арыз жазып, Ниязбеков министрлер Болот Шер менен Зарылбек Рысалиевдин жардамчысы болуп турган учурда, аны коркутууга алганын билдирген. Ишкер арызында Улан Ниязбеков кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакыны болуп эсептелген Саид Иралиев аттуу адам менен чогуу ишкерлик жасаганын белгилеген.
Алексей Гаврилов алардан оор жүк ташуучу беш автоунааны 155 миң долларга сатып алганын, бирок Ниязбеков кошумча акча сурап, үч автоунааны кайра тартып алганын даттанган. Автоунаалар ИИМдин Каржы-чарба башкармалыгынын аймагында экени көрсөтүлгөн.
Башкы прокуратура арызды териштиргенден кийин бул иште мыйзам бузуулар табылбаганын кабарлаган. Бирок Ниязбеков 2014-жылы кызматынан кеткени маалымдалып, 2015-жылы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен катышкан.
Кийин медиага кайрылуусунда ишкер Алексей Гаврилов автоунааларын кайтарып алганын, коркутууларга дале кабылып жатканын жар салган эле.
Милициянын дагы бир ардагери, полковник Замир Рысбеков «Азаттыкка» төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:
«Улан Ниязбеков министрликте иштеп келгени менен ар кайсы саясий күчтөргө иштеп жүргөн. Бийликке ким келсе ошого ыктап, ойноп кетет, өзүнүн позициясы жок. Ал ар кандай кылмыштуу иштерге барып жүргөнүн билебиз. Маселен, 2010-жылкы ыңкылапта министр Молдомуса Конгантиевди барымтага алуу окуясына да тиешеси бар. Өзү Таластын Кара-Буура районунан. «Ата-Мекендин» депутаты, экс-министр, ыраматылык Болот Шер аркылуу кызматка көтөрүлгөн. Бирок кийин аны да сатып кеткен деп укканбыз. Кийин Кашкар Жунушалиев жумушка келгенде кайра кызматка келген. Жунушалиевдин тушунда көп кызматкерлер ушул Ниязбеков аркылуу ишке орношконун да кулагым чалган. Мага азыр ИИМдин ар кайсы аймактардагы бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлер байланышып, жаңы дайындалган министрге нааразылыктарын билдирип жатышат. Министрликте иштегендердин дээрлик 80-90% жамааты Ниязбековго каршы. Болгону алар кызматынан улам ойлорун айта алышпайт, коркушат. Бул ИИМдин системасын бузат. Балким өткөн тополоңдо Садыр Жапаровго кандайдыр бир колдоо кылып, жардам берип койгону үчүн, ал жөнүндө толук билбей туруп кызматка койду окшойт. Бирок милицияны курал катары пайдаланууга жол бербеш керек», - деди Рысбеков.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 5-октябрда нааразылык митингдери күч алып, президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имараты талкалангандан бери кайда кеткени маалымдалган жок.
Тополоң учурунда министрдин милдетин Курсан Асанов аткарып жатканын билдирсе, 9-октябрда бул милдет Алмаз Орозалиевге жүктөлгөн. Жогоруда айтылгандай, 10-октябрдан тартып министрлик кызматта Улан Ниязбеков олтурат.
Ниязбеков менен Матраимовдордун байланышы
Ал арада социалдык тармактардын бир катар колдонуучулары, анын ичинде бир катар журналисттер да ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбековду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырып жатат.
Буга оро-пара Матраимовдун буйругу менен камалганын айтып келген бажынын экс-кызматкери Эмилбек Кимсанов менен Улан Ниязбеков деп аталып жаткан кишинин сүйлөшүүсү жазылган видео тарады.
Видеодо Кимсанов ага козголгон жасалма кылмыш ишти жоюу үчүн Матраимовдун атынан ага ИИМдин жашыруун 7-бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ниязбеков чалып жатканын айтып, сөз баштайт. Сүйлөшүү учурунда телефондун ары жагындагы Улан Ниязбеков деп белгиленген киши «Кимсанов абакка түшүп, кечирим сураса, кайра бошотууга убада берерин» билдирет.
Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева бул жөнүндө комментарий берип, видеодо сүйлөп жаткан адам Улан Ниязбеков экенин маалымдады:
«Видеодогу сүйлөшүүлөрдүн баары чын. Анда Эмилбек Кимсанов менен Улан Ниязбеков сүйлөшкөн. Ниязбеков анда Райымбек Матраимовдун атынан чыккан. Ошонун тапшырмасы менен жүргөн. Биз аны тастыктайбыз. Ошол убакта Кимсанов Орусияда болчу, ага «сен келе бер, Райым сага киришип жаткандан кийин, бул иш бүтөт» деген ал. Бирок Кимсанов Кыргызстанга келгенден кийин аны камап салып жатышпайбы», - деди ал.
Эмилбек Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кылмышка шектүү катары кармалып келген.
Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган. Назгүл Сүйүнбаева билдиргендей, жабырлануучу тосмо арыз жазып бергендиктен, Кимсановдун иши кыскарып, 6-октябрда абактан чыккан.
Райымбек Матраимов бул боюнча өз дарегине айтылгандарга комментарий берген эмес. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.
14-октябрда өкмөттүн курамы каралып жаткан учурда Улан Ниязбеков «Азаттыкка» комментарий берип, Матраимовдорго байланышы жана Кимсанов менен сүйлөшүүсү жөнүндө айтты:
«Бул иштер боюнча маалыматым жок. Менден башка дагы Улан дегендер болгондур. Мен жумушка кирсем, аны тактап көрөм. Тергөө кызматында ошол убакта массалык маалымат каражаттары аркылуу билгем, кылмыш иши бар экенин, издөөдө жүргөнүн. Муну дыкаттык менен териштирип көрөбүз. Бүгүнкү күндө Кимсанов бош жүрөт. Мурунку арыз жазган тарап, тосмо арыз берген, кылмыш иши токтотулуптур. Райымбек Матраимов менен тааныштыгым жок. Мен 1998-жылдан баштап опер кызматкерден, чарба жана башка бөлүмдөрдө иштегем. Сырттан келген балдардан эмеспиз, ошол жерде эмгегибиз бар, биз дагы көптөгөн жумуштарды жасаганбыз», - деди Ниязбеков.
Премьер-министрликке көрсөтүлгөн Садыр Жапаров алгач Бишкектеги тарапкерлеринин алдында Бажы кызматынан мурдагы төрагасы Райымбек Матраимов камаларын билдирген. Бирок ал кийин, 10-октябрда өткөргөн маалымат жыйында күч органдары Матраимовду издеп жатышканын айткан болчу.
«Райым Матраимовду азыр издеп жатышат. Мага жеткен маалымат боюнча күч органдары издеп жатышат. Мен жаңы эле ишке киришип атам. Райым Матраимов боюнча материалдарды карайбыз», - деген анда Садыр Жапаров «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып.
14-октябрда Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка кворум менен шайлангандан кийин «Азаттык» бул тууралуу суроону дагы узатып, мындай жооп алды.
«Матраимов боюнча менде маалымат жок. Такталбаган маалымат боюнча, «ал өлкөдөн чыгып кетти» деп жатышат. «Эртеси эле күнү чыгып кетти» деп мага маалымат беришкен. Мен билбейм. Аны Мамлекеттик чек ара кызматы билиши керек. «Расмий эмес, мындай чыгып кеткен» деп жатышат», -деди Садыр Жапаров.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.
Бир катар саясий кыймылдар 8-9-октябрь күндөрү Жапаровдун өкмөт башчылыкка бекитилбешин талап кылган акцияларды өткөрүштү. Анын ичинде айрымдар Садыр Жапаровдун артында мурдагы бажычы Райымбек Матраимов турарын айтышкан. Жапаров муну төгүндөгөн.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.
Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.