NYT: Адам уурдоо үчүн кесилген адам Кыргызстан өкмөтүн башкарат
The New York Times басылмасы “киши уурдоо үчүн түрмөгө кесилген» адам Кыргызстандын өкмөт башчылыгына дайындалганын жазат. Макалада бир аптадан бери уланып келген толкундоолорду басуу максатында саясий күчтөр ушундай кадамга барганы белгиленген.
Адатта мурдагы Советтер Союзунун аймагында болуп жаткан толкундоолорду басууга кийлигишип келген Орусия бул жолу Кыргызстандагы саясий хаосто четте турганы жазылган. Москва Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучуга колдоо көрсөтүү сунушу менен кайрылганы менен ал киши (Өмүрбек Суваналиев - ред) көп өтпөй кызматтан кетирилгени дагы белгиленет.
Макаланын автору Эндрю Хиггер Кыргызстанда бир аптадан бери тынчыбай жаткан толкундоолор эмнеден улам башталганын түшүндүрүп, аянттагы митингдеги зомбулукка негизинен Садыр Жапаровдун тарапташтары барганына токтолот.
Басылма Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубновдун дагы пикирин кошкон. Дубновдун эсебинде, 2013-жылы аймактык губернаторду уурдаганы үчүн 11,5 жылга кесилген Жапаров «тарапташтары баарынан күчтүү болгону үчүн» жеңип чыкты.
Экс-депутат Жапаров «саясий себептерден» улам кесилгенин айтып келет.
The New York Times ушуну менен «соңку 15 жылда аз-маз демократияга ээ, жакырчылыкка баткан, кландар ортосундагы атаандашуу жана түндүк-түштүккө бөлүнүү күч Кыргызстанда үчүнчү ирет президент элдик толкундоодон улам кетүүгө аргасыз болуп жатканын» белгилейт.
Питер Леонард: Ойлонулган сценарий болушу мүмкүн
Ал эми "Eurasinet" басылмасынын Борбор Азия боюнча редактору Питер Леонард парламенттик шайлоону чагылдыруу үчүн Кыргызстанга барып, бардык окуяларга өзү күбө болгон. Ал «Твиттердеги» баракчасында Кыргызстанда 5-октябрда башталган окуялар боюнча өз көз карашы менен бөлүшүп, мунун баары «жөн жерден болбошу мүмкүн» деген оюн ортого салган.
Журналист 5-октябрда Бишкектин Ала Тоо аянтында өтүп жаткан тынч митингден бир жоон топ адам бөлүнүп алып, Ак үйдүн дарбазасын көздөй бет алганына көңүл бурат. Леонарддын пикиринде, алар атайылап бийликти басып алуу же күч түзүмдөрүнүн жооп кайтарышын көздөп, чагымчылдыкка барышкан.
Ошентип башаламандык башталып, полиция демонстранттарды көздөй жаш чыгарчу газ чачып, желим октор менен аткылады. Ошол түнү Ак үй алынып, түрмөдөн бир нече саясатчыны тарапташтары бошотуп кетишти.
Леонард алардын арасынан бир гана Жапаровдун тарапташтары аны үйүнө эмес, түз эле эл толгон аянтка алып жөнөшкөнүн белгилейт. "Таңга жуук өңү керсары болуп чарчаган Жапаровду фургондун үстүнө чыгарышканда чогулгандар "Садыр - президент!"деп кыйкыра башташты" - деп сүрөттөйт.
Ошто барган журналист Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековду жактагандар аянтка чыгып, каршылык акциясын өткөрөт деп күткөн. «Бирок андай болгон жок» - деп жазат Леонард. Ал алгач Жээнбековдун иниси (Асылбек Жээнбеков-ред) сүйлөп кетип калганын, андан кийин сөз сүйлөгөндөр мурдагы мэр, бозгунда жүргөн Мелис Мырзакматовдун кайтып келишин талап кылышканын жазат. Ал ошондой эле чогулгандар мындай чакырыктарды сүрөп турганын да кошумчалайт. Сөз сүйлөгөндөр «Жапаров менен Мелис өлкөнү башкарсын» деп айтып жатышканына таң калганын айтат.
Ошентип Мырзакматов жеке учак менен келип конуп, Оштун башкы аянтында тарапташтырынын алдына чыгып сүйлөдү.
Питер Леонард Жапаровдун тарапташтары буга чейин да Ак үйдү басып алуу аракетин бир нече ирет көрүшкөнүн, алардын бири быйыл март айында болгонун белгилейт. Ал ошондой эле 2012-жылдын октябрь айында Жапаров дагы бир депутат Камчыбек Ташиев менен Ак үйдүн дарбазасынан ашып өтүүгө аракет кылганын эске салат.
Мына ушундай жагдайларды салыштырып отуруп, журналист "революция эмес, каршылык толкундоосу" болгонун, бирок "аны башка адамдар өз максаттарына пайдаланып кетишти" деген бүтүмгө келет.
VOA: Кыргызстандагы окуялардын Беларуска таасири
«Америка добушу» радиосу өз макаласын «Кыргызстандагы окуялардын тез өнүгүшү Беларустагы нааразылык акциясын күчөтүп жибериши мүмкүн» -деген тема менен жарыялаган.
Анда Бишкектеги акциялардан таасирленген беларус активисттери кыргызстандыктардын тактикасын кайталап, Минсктеги өкмөттүк имараттарды басып алуу жолдорун талкуулап жатышканы жазылган. Мындай кеп-сөз негизинен беларустар маалымат алмашуу үчүн колдонулуп келген «Телеграм» социалдык түйүнүндө болуп жатканы белгилгенген.
Мындан улам айрым аналитиктер "Беларустагы толкундоолордун өрчүшү Кремлде кооптонууну жаратып, Путин Минскиге орус аскерлерин жөнөтүшү мүмкүн" деп тынчсызданышууда.
Беларустагы оппозициялык деп эсептелген Nexta Телеграм каналы Кыргызстандагы толкундоолорду байма-бай чагылдырып турду.
Ал эми Беларус оппозициясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Павел Латушка «Настоящее время» телеканалына берген маегинде «Кыргызстан бир күндө саясий жетекчилигин кетире алды» деп билдирген.
«Америка Добушу» радиосу «анткен менен башкалары туруктуу жана узак мөөнөтүү өзгөрүүлөр үчүн тынчтык митингдери маанилүү экенин белгилешет»- деп жазат . Кээ бир беларус активисттеринин эсебинде, Кыргызстандагы «эйфория тез эле бүдөмүк жагдайга айланган».
«Америка добушу» серепчилерге таянып, Беларустагы жана Кыргызстандагы саясий толкундоолор, Армения менен Азербайжан ортосундагы куралдуу кагылышуу Кремлге бир катар баш ооруну жаратканын жазат. Анткени бул процесстерге Москва куралдуу кийлигишүү жасаса, Батыштын санкцияларына жана дүйнө коомчулугунун сынына кабылат. Ал эми кийлигишпесе, бул процесстер Орусиядагы оппозициялык топторго дагы дем бериши мүмкүн.
OCCRP: Бийлик жоголгон маалда...
«Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» сайтында Кыргызстанда бийлик колдон чыккан маалда башкалаадагы коопсуздукту өз колуна алган ыктыярчылар жана шаарды кайтарган кошуундар тууралуу макала чыкты.
Алар «Телеграм» каналдары аркылуу байланышып, топтолушуп, өкмөттүк, жеке менчик имараттарды, соода жайларын, маалымат каражаттарынын имараттарын, айтор жалпы коопсуздукту сактап, эл байлыгын талатып-тонотпой алып калышканы макалада белгиленет.
Авторлор ыктыярчылар июль айындагы коронавирус кризисиндегидей эле ыкчам топтолуп, бардыгын координациялашканына көңүл бурушат. Анда дагы дары жок, ооруканалар толуп, концентраторлор жетишпей жатканда ыктыярчылар өз күчү менен элдин топтогон акчасына дары-дармек алып, муктаждарга жеткирип, тамак-аш менен камсыздап, стационарларга дем ала албай калгандарды ташышкан.
Бул жолу да түнү менен көчөлөрдө ар кандай ленталарды тагынган ыктыярчыларды көрүүгө болот. Айрымдары Башкы прокуратура же Ак үй сыяктуу мекемелерди кайтарышса, башкалары үч-бештен бөлүнүп алып, көчөлөрдө коопсуздукту камсыздашты.
Аларды кайдыгер эмес шаардыктар, активисттер ысык тамак, чай менен камсыздап жатышты. Журналисттер маектешкен айрым ыктыярчылар бир нече күндөн бери уктай электигин айтышкан.
Мурунку эки революцияда шаардын талкаланганы, борбордогу мамлекеттик мекемелер, дүкөндөр, кафе-ресторан, ишканалар талап-тонолуп кеткени элдин эсинен чыга элек.
Ал эми шаардын борборунда жашагандар жеке вай-фай байланышын ачып берип, ыктырячыларга интернет аркылуу бири-бири менен байланышканга шарт түзүштү.
Ыктыярчылар элге биригип жардам берүү аларга дем берерин айтышкан.