Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагында жайгашкан «Asia Palace» пансионаты 7-октябрда «Инстаграмдагы» расмий баракчасына төмөндөгүдөй кыска билдирүү жазган:
«Пансионатка нааразылыгы бар 4-5 киши айылдын 100дөй тургунун ээрчитип келип, пансионаттын ичинде жүрөт. Пансионатта эки кызы менен бир аял бар. Бул эмне деген караңгылык?»
«Asia Palace» эс алуу жайын иштеткендердин бири тополоңдон кийин кан басымы төмөндөп кеткендиктен Чолпон-Ата шаарындагы ооруканада жатканын айтып, окуяга комментарий берүүдөн баш тартып койду.
Социалдык түйүндөр аркылуу 12-октябрда тараган видеодон бир топ киши «Royal Beach» эс алуу жайынын кызматкерине «Чок-Тал айылына бир миллион сом берилет» деп жаздырып жатканын көрүүгө болот. Ал эми жанындагылар «аткарылбаса нааразылык боло берет» деп айтып жатканы видеого түшүп калган. Аталган эс алуу жайына ээлик кылган Өкмөтбек Алмакүчүков буларды айтты:
«Буга чейин жергиликтүү тургундар бала бакча курууга жардам катары бир миллион сом сураган. Биз макулдугубузду бергенбиз. Жай отуруп эле чече турган маселе болчу. Эмне себептен келе калып дүрбөтүп жиберишкенин түшүнбөй жатам. Ал күнү акчаны сураган жок, талап кылышты».
Социалдык тармактарга «Карвен Четыре Сезона» менен «Акмарал» эс алуу борборлоруна жергиликтүү тургундардын атынан жазылган кайрылуу жарыяланды. Ал жерде Сары-Ой жана Бает айылдарынын тургундары өлкөдөгү абал турукташмайынча аталган эс алуу жайларындагы коттеждерди кайтарууга ала турганы жазылган. Жергиликтүүлөр бул кызматы үчүн айылга материалдык жардам сураган.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев жергиликтүү тургундар менен пансионат ээлери бир пикирге келе баштаганын билдирди:
«Элди бир жактуу каралай бергенге болбойт. Кээ бир пансионаттар пляжга бара турган жолду жаап алган. Бул көрүнүшкө жергиликтүү тургундар капа болуп жүргөн. 5-октябрдагы окуя болуп кеткенде айылдыктар пляжды тосуп турган дубалдарды эле бузуп салышкан. Анан кээ бир чагымчыл топтор «биздин эсепке акча которуп кой» дей башташкан. Азыр Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз окуялар жок. Акимдер иш ордуна кайтып келишти».
Өкмөттүн тапшырмасы менен Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдөгү окуяны иликтей турган болду. Бул окуя боюнча Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары 10-октябрда премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаровдун пикири өкмөттүн сайтына жарыяланды. Ал жерде мындай деп айтылат:
«Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын жана пансионаттардын ээлерине белгисиз жарандар келип, акча опузалап, коркутуу жолу менен алып жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Макул болбогон учурда пансионаттарды өрттөп, денеге залал келтире турганы айтылат. Мындай окуялар жеринде токтотулушу керек. Курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт».
Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын ээлери, жергиликтүү бийлик бул окуяларга криминалдык топтордун тиешеси жок экенин айтып жатышат.
Журналист Семетей Талас уулу 6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин бизнес коомчулугу ар кандай коркутууга туш болгонун билдирүүдө. Аларды жергиликтүү тургундардан тышкары кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кысымга ала баштаганын айтып берди:
«Ар бир революциядан кийин, тополоңдон кийинки түндө эл дүкөндөрдү тоносо, кылмыштуу топтор күн мурунтан белгилеп койгон байлардын үйлөрүнө барат. 2010-жылы айрым ишкерлерди барымтага алган учурлар да болгон. Бул жолкусунда да ушундай болгонун угуп жатабыз. Мындай окуялар өлкө мыйзам алкагына түшмөйүнчө улана берет. Көлдөгү окуя боюнча айта турган болсок, эл пансионаттарды кайтарабыз деп жатканы жакшы. Бирок маселе алар сурап жаткан акчанын суммасында. Коопсуздук кызматкерлерине бериле турган акчаны эле сурашса жакшы. Бирок ири сумманы талап кылып жатса, анда бул рекетчиликтин эле мыйзамдашкан түрү».
20дан ашуун алдыңкы бизнес-ассоциация 13-октябрда саясий партиялардын лидерлерине кайрылуу жиберди. Алар парламентти кезексиз жыйынга чогулууга, күч түзүмдөрүн элдин, жеке менчиктин жана ишкерликтин коопсуздугун камсыз кылып берүүгө жана рейдердик басып алуу, талап-тоноо аракеттерине бөгөт коюуга чакырышты.
Экономика боюнча эркин эксперт Кайрат Итибаев толкундоолордон кийинки бизнеске болгон чабуул ички жана тышкы инвесторлорду үркүтүп жатканын билдирди:
«Акча деген тынчтыкты сүйөт. Ошон үчүн азыркы учурда орто деңгээлдеги ишкерлер Казакстанга же Өзбекстанга кетүүнү ойлонуп калышты. Биз 2005-2010-жылдагы ыңкылаптарда көп инвесторду жоготконбуз. Биздин эсеп боюнча 5-октябрдагы окуядан кийин тоо-кен тармагында сегиз млрд. сомдук жоготуу болду. Жумуш орундары жоголду, мүлк кыйрай баштады. Криминалдык топтун өкүлдөрү көлдөгү пансионаттарды опузалап акча доолап жатат. Эл толкуса эле бизнес тармагын тоноп кетүү такыр туура эмес. Революцияны эч бир жерди бүлүндүрбөй деле кылса болот да. Эгер бул көрүнүш адатка айланып кетсе, анда экономикага чоң сокку урулат».
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоо ыплас өткөнүнө нааразы болгон партиялар 5-октябрда митинг уюштурушкан. Ошол түнү бийликтин негизги имаратын митингчилер басып алышкан. Бишкекте жана бир катар аймактарда башаламандык болгон. Борбор шаардын айрым жерлеринде талоончулук аракеттери башталган.